Депутат: Баткенде кагылышууда майып болгондорду ооруканалар албай жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Тажик тараптын кол салуусунан жаракат алгандар майыптыгы тууралуу комиссиядан өткөрүлүп, өзүнчө макам берилген эмес.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Баткендеги куралдуу кагылышта майып болгон жарандарды "акча төлө" деп ооруканалар кабыл албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди.
Анын айтымында, тажик тараптын кол салуусунан жаракат алгандар майыптыгы тууралуу комиссиядан өткөрүлүп, өзүнчө макам берилген эмес.
"29-30-апрелде майып болгондор көп кайрылууда. Макамдын жоктугунан ооруканага барганда көйгөй жаралып жатат. Алты айдан бери бир дагы комиссиядан өтпөптүр. Бул үчүн мыйзам чыгарыш керек экен, ага чейин өкмөттүн токтому менен болсо да макам берип, ден соолугу калыбына келгенче карап турбайлыбы. Болбосо ооруканага кезекте турушат же жата албайт, же анализ да тапшыра албайт. Барса "акча төлө" дейт экен. Алар мекен үчүн төшүн тосту го", — деди Орозова.
Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0