13:53 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1222 0 0

Суук мезгилде пайда болуучу өзгөчө кооптуу оорулардын бири — менингит. Ал көбүнчө респиратордук оорулардын айынан да пайда болот, бирок менингит организмде өз алдынча оору катары да башталышы мүмкүн экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу, паразитардык оорулардын жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын эпидемиологу Айнура Мамбеталиева менен менингит оорусу тууралуу маектештик.

Врач-эпидемиолог департамента профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора Министерства здравоохранения КР Айнура Мамбеталиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Мамбеталиева: Менингит — бул мээнин чел кабыгынын сезгениши. 2021-жылдын башынан баштап ушул күнгө чейин Кыргызстандын бардык аймагында менингит оорусунун тогуз түрү катталган

— Алгач илдеттин өзү тууралуу маалымат берсеңиз?

— Менингит — бул мээнин чел кабыгынын сезгениши. 2021-жылдын башынан баштап ушул күнгө чейин Кыргызстандын бардык аймагында менингит оорусунун тогуз түрү катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге аз. Өткөн жылы бул учурда илдет 18 кишиден аныкталган эле. Менингит менен төрт киши Чүй облусунан, калгандары Нарын, Ысык-Көл жана Ош облусунда катталды.

Бул оору 2013-жылы күч ала баштаган. Ал эми 2015-жылы ооругандардын саны жогорку чекке жетип, ошол маалда өлкө аймагында 394 бейтап бар болчу. 2016-жылдан баштап саны кескин азайды. Негизи илдет ар 10-15 жылда баш көтөрүп турат. Биз келерки 2025-жылдары ооругандардын саны көтөрүлүп, 2029-жылы бейтаптардын саны жогорку көрсөткүчкө жетет деп божомолдоп жатабыз. Менингит илдетинин көбөйгөн учуру кыш-жаз мезгилине туура келет. Себеби бул кезде иммунитет начарлап, абанын нымдуулугу жогорулайт. Мезгилдик ооруга климаттык шарттар, температуранын кескин өзгөрүшү, жогорку нымдуулук сыяктуу факторлор таасир этет.

Менингиттин бактериялык жана вирустук эки түрү бар. Бактериялык менингитти пневмококк, менингококк, стрептококк козгойт. Ал эми вирустук менингит кандайдыр бир инфекциялык оорулардан улам пайда болот. Отит, гайморит, кургак учук күчөп кеткенде мээнин чел кабыгы сезгенет. Мында жаш өзгөчөлүк да мааниге ээ болуп, ооругандардын 70 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Бирок 2013-2015-жылдары 20 жаштан 30 жашка чейинки адамдардын абдан көп ооруганы байкалды. Себеби бул эл чогулган жерлерге көп барган, коомчулукта активдүү кез. Азыркы күндө да оорулар катталып жатат.

— Оорунун белгилери тууралуу айтсаңыз?

— Адамдын башы ооруп, кусуп, кээде эсин жоготуп, дене табы 40-41 градуска көтөрүлгөндөн тышкары желке тырышып, адамдын ээги көкүрөгүнө жетпей калат. Ошондой эле денеде тактар пайда болот. Ал кызылчага же скарлатинага окшошпогондуктан дарыгер аны дароо таанышы керек. Жылдызча сымал кызыл тактар бирине бири кошулуп отуруп көгүш сыяктуу өң берет. Бул тактар оору катуу кармаганда пайда болот, дарыгерлер да эч нерсе кыла албай калышы мүмкүн. Ал эми кадимки эле сасык тумоо, кулагы ооруп, гаймориттен күчөп, врачка убагында кайрылбай үйдөн дарыланып жата берип пайда болгон инфекция кан аркылуу мээге өтүп, вирустук инфекцияны шарттайт. Бул менингиттин ириңдүү түрү.

— Менингиттин симптомдору башка ооруларга да окшошуп, айтор, оору жашыруун өрчүйт дешет?

— Биздеги дарыгер-инфекционисттердин баары бул оору боюнча атайын окуудан өтүп келишкен. Башка оорулардан баары бир айырмасы болот. Биринчи белгиси — булчуңдардын тартылышы, температура жана кусуу. Ушул жерден бир аз айырмаланбай калышы мүмкүн. Дарт аныкталары менен амбулатордук түрдө дарыланууга мүмкүн эмес. Бир гана жугуштуу оорулар бөлүмүнө барышат. Бирок ал жакта да ар кандай оорулар жугушу ыктымал. Ошол себептен стационардык шартта дарылануу керек болуп калат.

Врач-эпидемиолог департамента профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора Министерства здравоохранения КР Айнура Мамбеталиева
© Фото / из личного архива Айнуры Мамбеталиевой
Мамбеталиева: менингиттин бактериялык жана вирустук эки түрү бар. Бактериялык менингитти пневмококк, менингококк, стрептококк козгойт. Ал эми вирустук менингит кандайдыр бир инфекциялык оорулардан улам пайда болот

— Жогоруда менингит менен кичинекей балдар көп ооруй турганын айттыңыз. Жаңы төрөлгөн балдардын менингитине көбүнчө "В" түрүндөгү стрептококк себепчи экен. Кээ бир өлкөлөрдө стрептококкту алып жүргөн кош бойлуу аялдарга антибиотиктер берилерин окудум. Бул практика канчалык эффективдүү? Кыргызстанда мындай тажрыйба колдонулабы?

— Бизде 2009-жылы аталган оорунун "В" инфекциясына каршы балдарга пландуу түрдө эмдөө жүргүзүлө баштаган. Ушул вакцинадан кийин эки жашка чейинки балдардын өлүмү кадимкидей азайды. Ал эми антибиотик тууралуу айтсак, менингококк өзү сезгич. Оору катталганда ал бейтап менен байланышта болгондордун баарына жаш курагына жараша бир гана жолу антибиотик берилет. Сиз айткан кош бойлуу аялдарга жасалуучу профилактика бизде колдонулбайт. Африканын 26 өлкөсүндө менингит оорусунун түрлөрү көп катталып турат. Ошол себептен ал жакта мындай тажрыйба жасалып турушу мүмкүн.

Учурда бул оору Кыргызстанда гана эмес, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган. Оорунун санын эки эсеге азайтып, вакцинация боюнча атайын стратегия кабыл алынган. Бизде да сактануу иш-чаралары жүргүзүлүп турат. Оору көп катталган учурда Россиянын, Түркиянын, Франциянын Кыргызстандагы элчилигине техникалык жардам көрсөтүү, вакцина, дарыгерлерди окутуп берүү боюнча кайрылганбыз. Бирок, тилекке каршы, вакцина ала алган жокпуз. 2015-жылы гана эки жаштан жети жашка чейинки жана тобокел топко кирген 490 балага эмдөө жасалган. Сауд Аравиясына зыяратка кетип жаткандар сөзсүз түрдө вакцина алып кетишет. Бул вакцина азыр Бишкек шаарынын тегерегиндеги жеке медициналык борборлордо баасы 1000 сомдун тегерегинде сайылат.

Менингиттин 12 стереотиби бар. Ошол 2012-жылы бизде "А" жана "С" түрүнө каршы вакцинация жүргүзүлгөн. Бул дарттын өзгөргүчтүгүнө жана вакцина жетишсиздигине байланыштуу биздин улуттук календардык эмдөөдө менингит жок.

— Жаңы төрөлгөн балада менингиттин пайда болгондугун кантип аныктайбыз?

— Дартты аныктоо врачтын мойнунда жана ата-эне да бала ооруп жатканда жөнөкөй эле вирустук инфекция болушу керек деп койбой, сөзсүз врачка көрсөтүүсү керек. Бала аябай ыйлап, кежигесин артка тарткан учурлар болот. Буга көп ата-эне маани бербейт. Биздин практикада мындай кенебестиктин аягы наристенин өлүмү менен бүткөн учурлар кездешкен. Ошол себептен ата-энелер бул жерде жооптуу болушу керек. Курч респиратордук же дагы башка вирустук оору менен ооруган учурда аны карабаса, кабылдап менингитке өтүп кетиши толук мүмкүн.

— Ага жеткирбеш үчүн бала кайсы ооруларга сөзсүз түрдө вакцина алышы керек?

— Балдар менингиттен башка сарыкка, кургак учукка, дифтерияга, кызамыкка пландуу түрдө эмделишет. Негизи мунун баарын алуу керек. Менингитке вакцина келсе алгач тобокелдик тобуна кирүүчү эки жаштан 17 жашка чейинкилер эмделип баштайт. Вакцина сайылганы жакшы. Себеби кийин бала ооруп калса организм ооруну таанып, дароо иммунитет пайда болот да жеңил өтөт. Бизге азыр вакцинанын 162 миңден ашык дозасы керек.

Врач-эпидемиолог департамента профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора Министерства здравоохранения КР Айнура Мамбеталиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамбеталиева: менингиттин 12 стереотиби бар. Ошол 2012-жылы бизде "А" жана "С" түрүнө каршы вакцинация жүргүзүлгөн. Бул дарттын өзгөргүчтүгүнө жана вакцина жетишсиздигине байланыштуу биздин улуттук календардык эмдөөдө менингит жок

— Апаларыбыз балдары башын жууп суукта сыртка чыгып кетсе же баш кийими жок жүрсө, "менингит болосуң" деп урушканын көп эле угуп калдык. Ушул учурда да бул дартка кабылуу мүмкүнбү?

— Ооба, бул дагы ооруп калуунун бир фактору болуп эсептелет. Суукта жеңил кийинип, жылаңбаш эл көп чогулган жерге барса бул оорунун инфекцияларын бат жугузуп алышы мүмкүн. Менингиттин жеңил түрү — назофарингитти илештирип алышы ыктымал.

Менингококктун мүнөзү боюнча 15 жылда бир активдүү болуп турат. Мурда ооруп айыккандар кайра ооруп калышы толук мүмкүн.

— Ал эми жүлүндөн суу алуу ыкмасы кайсы учурда колдонулат?

— Менингит дартын аныктоодо жүлүн суусунан, кичинекей тилченин арткы бөлүгүнөн мазок алынат. Себеби менингококк жылуу жерди жакшы көрөт. Жөн эле ооздун тегерегинен алып коюуга болбойт. Биздин лабораториялык шайманыбыз да арты ийилген, тилченин артына тие тургандай болуп жасалган. Андан кийин кандын анализи алынат. Жүлүн суусу баарынан эле алына бербейт, бирок көпчүлүк учурда колдонулуп, мээде шишиктин бар-жогу аныкталат. Мындан соң оорулуунун абалы жакшырып каларын врачтар да айтып жүрүшөт. Көпчүлүк ата-эне жүлүндөн суу тартканда кыймылдай албай калат экен деп каршы болушат. Бирок аны да атайын окуган, билими бар адис алат.

— Бул ооруда операция такыр жасалбайт экен, дарылоо жолдору кандай?

— Албетте, дары-дармектин жардамы менен дарылоо иши врач-инфекционисттин көзөмөлүндө өтөт. Үй шартында өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Сакайгандан кийин бул бейтаптар эки жыл диспансердик каттоодо турушат. Биринчи жылы ар бир үч ай сайын дарыгердин кароосунда болот, кийинки жылы алты айда бир келет. Эгерде акыбалы жакшы болсо каттоодон чыгарылат. Кайрадан кабылдоо байкалса дарылоо улана берет.

Негизи эпидемиологиялык абал башталарда менингиттин "А" түрү көп кездешет. Бул дарыгерлерге коңгуроо. Ал эми оору азайып баштаган убакта оорунун "В" түрү басымдуулук кылат.

Тема боюнча

Уролог Хакимходжаев: импотенцияга чалдыккан эркектерге протез коюп жатабыз
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу
Белгилер:
Айнура Мамбеталиева, менингит, оору, бейтап, вакцина, инфекциялык оору, вирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ