Маршрутканын айдоочусу балалуу келинди түртүп, коляскасын салбай... Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыз маршруткага отуруп жатат. Архив
Кыз маршруткага отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Бишкек мэриясы айдоочуну таап, окуяны териштирерин айтты. Жагымсыз көрүнүш бүгүн, 30-сентябрда, Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгон үчүн балалуу аялды салбай жаткан видео тарады.

Видео социалдык тармактарга чыккан.

Кадрдан айдоочу келинди микроавтобуска киргизбей түртүп, ал эми колунда жетелеген кичинекей кыз чырылдап ыйлап жаткандыгын көрүүгө болот. Жерде коляска жатат.

Айдоочу ага коляска сала турган багажы бар маршруткага түшүүсүн айтып жатат. Ал эми аял эшикти улам тарткылап, түшүүгө аракет кылып жатканы видеого түшүп калган.

"Мен салбайм, багажниги бар маршруткага салгыла. Мен бул үчүн көп ызы-чуу тарткам. Кеп төлөгөндө эмес, бекер деле алып кетмекмин, бирок мен бул үчүн ызы-чуу болгом", — дейт ал.

Окуяга күбө болгондор бул жагымсыз окуя Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, бүгүн 10:15те болгонун айтышты.

Видеодон №203 каттамдагы, 01 KG 256 ADP мамлекеттик номерлүү маршрутканы көрүүгө болот.

Бишкек мэриясы айдоочуну таап, окуяны териштирерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0