13:57 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
148 0 0

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып иш таштаган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттун жол кире акысын көбөйтүү боюнча токтом долбоорун карап жатат.

Долбоорду вице-мэр Талайбек Орозов сунуштаган.

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Ушундай эле көрүнүш январь айында да болгон. Муниципалитет маршрутканын жол киресин 15 сомго, ал эми автобус, троллейбустагы акыны 11 сомго көтөрүүнү сунуштаган.

Белгилей кетсек, 2012-жылдан бери жүргүнчүлөр маршруткага 10 сом төлөйт. Ал эми муниципалдык транспорттор 8 сом алат.

Мэрия жазында үч вариант сунуштаган. Алар:

  • Бааны кандай болсо, ошондой калтыруу;
  • Муниципалдык транспорттогу бааны 11 сомго, калган жеке менчик фирмалардын кичи автобустарындагы бааны 15 сомго жогорулатуу;
  • Автобустун жол киресин 15 сомго, троллейбустукун 11 сомго, ал эми маршрутка акысын 19 сомго көбөйтүү.

Тема боюнча

Бишкекте жол кире үчүн 20 сом талап кылган маршрутка айдоочусуна чара көрүлдү
Белгилер:
Бишкек шаардык кеңеши, жол кире, токтом, долбоор

ЭҢ МААНИЛҮҮ