16:10 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933
Коом
Кыскача шилтеме алуу
517 0 0

Бүгүн прокуратурага караштуу "Наристе" балдар бакчасында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Прокуратуранын ведомстволук балдар бакчасында мындан ары мамлекеттик тилде тарбия берилет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

  • Торжественное мероприятии, посвященное 23 сентября Дню государственного языка в ведомственном детском саду Наристе
    Прокуратуранын ведомстволук балдар бакчасында мындан ары мамлекеттик тилде тарбия берилет
    © Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КР
  • Торжественное мероприятии, посвященное 23 сентября Дню государственного языка в ведомственном детском саду Наристе
    Бүгүн ведомствого караштуу "Наристе" балдар бакчасында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн
    © Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КР
  • Торжественное мероприятии, посвященное 23 сентября Дню государственного языка в ведомственном детском саду Наристе
    Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев, билим берүү жана илим министри Бактыбек Купешов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, академик Абдылдажан Акматалиев, тарбиялануучулардын ата-энелери жана жалпы прокуратура органдарынын кызматкерлери катышкан.
    © Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КР
Прокуратуранын ведомстволук балдар бакчасында мындан ары мамлекеттик тилде тарбия берилет

Бүгүн ведомствого караштуу "Наристе" балдар бакчасында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн. Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев, билим берүү жана илим министри Бактыбек Купешов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, академик Абдылдажан Акматалиев, тарбиялануучулардын ата-энелери жана жалпы прокуратура органдарынын кызматкерлери катышкан.

"Биз канчалык эне тилибиз тууралуу кеп кылбайлы, маселе тилде гана эмес, тил аркылуу улутту сактап калууда турат. Ал эми улуттун пайдубалы биздин балдарыбыз болот. Ошондуктан наристе кезинен "Мен кыргызмын" "Мен кылым карыткан улуу элдин урпагымын" деп сыймыктануу менен айта тургандай тарбиялашыбыз керек", — деди Зулушев.

Иш-чаранын катышуучулары расмий тилде тарбия берип келген "Наристе" балдар бакчасын мамлекеттик тилге өткөрүү тууралуу башкы прокурордун демилгесин колдоп, бул башка мамлекеттик мекемелерге үлгү болорун айтышкан.

 

Тема боюнча

АКШдагы кыргыздар: тилди, салтты унутпай чогулуп туралы деп маданий борбор ачтык
Жапаров Баткенде жаштар менен футбол жана волейбол ойноду. Сүрөт
Белгилер:
Башкы прокуратура, демилге, кыргыз тили, бала, Курманкул Зулушев

ЭҢ МААНИЛҮҮ