03:06 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Коом
Кыскача шилтеме алуу
96230

54 жоокердин өмүрүн алган Баткен окуясынын ачыкка чыга бербеген жагдайлары тууралуу Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев айтып берди. Эскерте кетчү жагдай, маек үстүбүздөгү жылдын 25-мартында уюштурулган.

Түндүк Афганистанда 1996-жылы түзүлүп, өзөгү Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго каршы күрөшкөн жарандардан турган "Өзбек Ислам кыймылы"* (ӨИК) террордук уюму 1999-2000-жылдары Кыргызстанга кол салган. Уюмга мүчө болгондордун кээси 1992-1997-жылдары Тажикстандагы жарандык согушта бириккен тажик оппозициясынын тарабында салгылашкан эле.

1999-жылы ӨИК Тажикстандан Кыргызстандын түштүк аймагы аркылуу Өзбекстанга өтүп, төңкөрүш уюштуруп, Борбордук Азияда халифат курууга умтулат. Муну менен алар Тажикстандагыдай бийлик үчүн кандуу тиреш баштоого кызыкдар эле. Ошондуктан ӨИК расмий Бишкектен тоскоолдуксуз жол ачып берүүнү талап кылган. Бирок кыргыз армиясы менен атайын кызматтары бул террордук уюмга каршы Баткен аймагында эки ирет согушуп, коңшу мамлекетке бир да адамды өткөрбөй, 64 согушкерди жок кылган. Жыйынтыгында кыргыз армиясынын 54 жоокери каза болуп, 82 аскери жаракат алган. Быйыл 25-мартта Баткен согушунун чоо-жайы тууралуу колумнист Алмаз Батилов Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаев менен Москва шаарында Россия илимдер академиясынын окумуштуулардын борбордук үйүндө жолугуп маектешкен. Автор белгилүү опера ырчысы Алмаз Истамбаевге маекти уюштуруп бергенине терең ыраазычылык билдирет. 

Президент Кыргызстана Аскар Акаев. 12.01.1991
© Sputnik / Юрий Абрамочкин
Аскар Акаев: Каримов козголоңчуларды Өзбекстандан сүрүп чыгарганы туура болгон. Уюмдун катарындагы согушкерлер Афганистандагы атайын лагерлерде даярдыктан өтүшкөн. Мүдөөсү — Фергана өрөөнүндө төңкөрүш жасап Борбордук Азияда халифат куруу эле. Бул мамлекетти алар башкармак. Мындан улам афган-тажик чек арасынан Баткен аймагы аркылуу Өзбекстандын карамагындагы Ферганага өтүүгө аракеттенишкен.

— Баткен согушунун себеби эмнеде болду?

— Баткен согушу Афганистандагы 30 жылдан ашык созулган кандуу тиреш менен байланыштуу. Мындан сырткары, Фергана өрөөнүндөгү радикалдуу исламчылар да шыкак болду. Бул аймакта исламдын ролу чоң. Айрым бөлүктөрү Өзбекстан жана Тажикстандын территориясына кирет. Ошондуктан ал жерде фундаменталдуу исламдын идеялары кеңири жайылган. Кыргызстан менен Казакстандын калкы ислам дининин салттуу агымын карманышат. Албетте, эки элдин маданиятында мусулманчылыктын таасири чоң. Бирок диний лидерлер саясатка аралашкан эмес. Беш жылга созулган Тажикстандагы жарандык согуш Өзбекстанга терс таасирин тийгизген. Фергана өрөөнүнүн өзбек бөлүгүндөгү радикалдуу исламчылар Бириккен тажик оппозициясы сыяктуу бийликке умтулган. Бирок 1990-жылдардын башында Ислам Каримов аларга каршы чечкиндүү күрөшүп, өлкөдөн сүрүп чыгарган. Булардын көбү Афганистандан башпаанек таап, "Өзбекстандын ислам кыймылы" аттуу террордук уюмун негиздешкен.

Менин көз карашымда, Каримов жогоруда айтылган козголоңчуларды Өзбекстандан сүрүп чыгарганы туура кадам болгон. Ушул террордук уюмдун катарында бир нече миң согушкер бар эле. Алар Афганистандагы атайын лагерлердеги даярдыктан өтүшкөн. Мүдөөсү — Фергана өрөөнүндө төңкөрүш жасоо менен Борбордук Азияда халифат куруу эле. Бул мамлекетти алар башкармак. Мындан улам уюмдун миңдеген мүчөсү афган-тажик чек арасынан Баткен аймагы аркылуу Өзбекстандын карамагындагы Ферганага өтүүгө аракеттенген.

— Биздин чалгын кызматы мындан кабардар болгон да. Сизге маалымат берилди беле?

— Баткен согушу баштала электе, беш-алты жыл мурун, Кыргызстандын Аскердик чалгын кызматынын жетекчиси генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов мага ӨИК Кыргызстанга чабуул коёт деген маалымат берген. Согушкерлер "биздин максатыбыз — Баткен аркылуу Өзбекстанга өтүү, Кыргызстанга тийишпейбиз" деген шартын Асанкуловдун кызматкерлерине ачык айтып жатышты. ӨИКтин бузуку максатын билгендиктен Кыргызстандын армиясы, УКМК жана аскер чалгынчылары биргелешип бирин да Өзбекстанга өткөргөн жокпуз. Болбосо ал жерде туугандары менен жактоочулары тосуп алып, жарандык согуштун оту тутанмак.

— Бирок чет элдик адистер, ошондой эле офицерлер туткундалды...

— Тилекке каршы, биринчи Баткен согушунда согушкерлер япон геологдорун барымтага алышты. Ошол эле убакта Кыргызстандын офицерлерин, аскерлерин жана жарандарын туткунга алган. Алардын арасында ыраматылык генерал Анарбек Шамкеев да бар эле. Согушкерлер япон геологдорун барымтага алганы биз үчүн абдан татаал маселе болду. Анткени Кыргызстандын Япония менен мамилеси абдан жакшы эле. Расмий Токио дайым жардам берип келген ири донорлордун бири болчу. Геологдордун бир тал чачын түшүрбөй, барымтадан алып чыгыш керек эле. Туткунга түшкөн офицерлер, жоокерлер жана атуулдарыбызды да аман-эсен туткундан куткарып чыгыш зарыл болчу. Аларды бошотуп алуу үчүн Жумабек Асанкулович чогуу иштешкендери болуп "япон геологдору менен жоокерлерди бошоткондо гана Тажикстанга коридор беребиз" деп ӨИКтин жетекчилиги менен сүйлөшүп жатты. Барымтадагылар менен туткундарды алып чыгууда Жумабек Асанкулович жана анын кызматкерлери менен бирге Кыргызстандын Тажикстандагы биринчи элчиси Эрик Асаналиевдин чоң роль ойноду деп баса белгилеп кетким келет. Ал 1993-жылы Жумабек Асанкулович Коргоо министрлигинде түзгөн аскердик чалгын кызматына кошулуп, Тажикстандагы жарандык согушту токтотуу боюнча иштей баштаган. СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебинде чалгындоо жактан даярдыктан өткөн эле. 1997-2001-жылдары Эрик Акматбаевич Тажикстанда элчи болгондуктан, коңшу өлкө ичиндеги абалды абдан жакшы билчү.

— Согушкерлерге япон геологдорун барымтадан бошотуу үчүн ири суммадагы акча төлөнгөн деген ар түрдүү божомолдор бар.

— Менде мындай маалымат жок. Бул суроого япон өкмөтү гана жооп бере алат. Биз жарандарын алты саны аман кайтарып беребиз деп кепилдик бергенбиз. Расмий Токио ӨИК менен өздөрүнүн ортомчулары аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Өзүңүз билгендей, Япония дүйнө жүзүндө аябай өнүккөн өлкө, бүткүл дүйнөдө байланыштары бар. Бирок расмий Токио жарандары үчүн акча төлөгөнүн мойнуна алган эмес. 

Кыргызские военнослужащие в горах, где велись боевые действия против боевиков Исламского движения Узбекистана (ИДУ) во время Баткенских событий в 1999-2000 годах
© Фото / Эрлан Сатыбеков
Аскар Акаев: Согушкерлер япон геологдорун барымтага алганы биз үчүн абдан татаал маселе болду. Анткени Кыргызстандын Япония менен мамилеси абдан жакшы эле. Расмий Токио дайым жардам берип келген ири донорлордун бири болчу. Геологдордун бир тал чачын түшүрбөй, барымтадан алып чыгыш керек эле.

— Ошол учурда парламенттин депутаты Турсунбай Бакир уулу ӨИКтин башчылары менен жолукканы маалым. Туткундалгандарды бошотуу үчүн сүйлөшүүгө атайын жибердиңиз беле?

— Жок. Мен Кыргызстандын мурдагы ажосу катары аны террордук уюмдун башчылары менен сүйлөшүүгө жиберген эмесмин деп расмий билдирем. Ал өзүнүн демилгеси менен кеткен. Кыргызстанда көп саясатчылар өлкөдөгү ар түрдүү окуяларды пайдаланып, упай топтоп, өздөрүн лидер кылып көрсөткөнгө умтулат. Булар өңдүүлөр өлкө ушундай кыйчалыш абалга түшкөндө пайда табууну көздөгөндөр. Алардын бири Турсунбай Бакир уулу деген пикирдемин. Мисалы, Турсунбек Акун уулу Аксы окуясында өзүнүн атын чыгарыш үчүн көмөчүнө күл тартты. Турсунбай Бакир уулу да Баткен согушунда Акун уулуна окшоп упай топтогонго аракеттенди. Бирөөлөр менен жолукса керек, андай деле жарытарлык иш кылган эмес. Балким, азыраак салымы болгондур. Биз анын кызматына муктаж эмес болчубуз. Бул маселени чечиш үчүн УКМКнын кызматкерлери тынбай иштеп жатты. Жогоруда айтылгандай, ӨИКтин жетекчилиги менен генерал Асанкулов үзөңгүлөштөрү аркылуу байланышып турду. Баткенге кол салган согушкерлерди жок кылууга армиянын күчү жетмек. Бирок анда согушкерлер барымтадагыларды, туткундалган аскерлер менен жарандарды өлтүрмөк. 

Экс-депутат ЖК КР V созыва Турсунбай Бакир уулу на переговорах с боевиками Исламского движения Узбекистана в Афганистане
© Фото / из личного архива Турсунбая Бакир уулу
Аскар Акаев: Турсунбай Бакир уулун ӨИКтин башчылары менен жолугууга жиберген эмесмин. Кыргызстандын мурдагы ажосу катары расмий билдирем. Ал өзүнүн демилгеси менен кеткен. Биз анын кызматына муктаж эмес болчубуз.

— 1999-жылы эгемен Кыргызстанга биринчи жолу чет элдик согушкерлер кол салды. Анда кыргыз армиясы жаңыдан эле түптөлүп жаткан учур эле. Кыргызстандык жоокерлер менен офицерлердин көпчүлүгү биринчи жолу душман менен бетме-бет согушту. Ошол учурда Баткен согушунун биринчи этабында КР армиясы эмнеден абдан кыйналды?

— 1999-жылы согушкерлер түн ичинде көрүүчү жабдыктарды пайдаланып, Кыргызстандын аскерлерине сокку уруп жатты. Ал эми КРдин армиясы түн ичинде согушкан боюнча тажрыйбасы жок эле. Анын үстүнө, жогоруда айткандай, жүздөгөн согушкерлер Афганистанда даярдыктан өткөн. Аларга туруштук бериш үчүн армиянын бардыгын мобилизация кылууга туура келди. ӨИК менен салгылаштарда кыргызстандык жоокерлер такшалды. Россиядан түн ичинде көрүүчү жабдыктарды сатып алдык. 2000-жылдагы согушкерлердин кол салуусуна даяр болдук. Ошол жылы ӨИКти талкалап, Баткен чөлкөмүнөн Тажикстанга сүрүп чыктык. Тилекке каршы, ошол убакта генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов, Эрик Асаналиев жана алардын куралдаштары ушул согушта көрсөткөн аскердик эрдиги үчүн сыйланбай калган. Айрымдары бул дүйнөдөн өтүп кетиптир. Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн отуз жылдыгын белгилөөдө. Ушул мааракеге карата өлкөнүн азыркы жетекчиси Жумабек Асанкулович менен анын үзөңгүлөштөрүн мамлекеттик сыйлык менен сыйласа абдан жакшы болмок. 

Кыргызский военнослужащий с автоматом в горах, где велись боевые действия против боевиков Исламского движения Узбекистана (ИДУ) во время Баткенских событий в 1999-2000 годах
© Фото / Александр Ким
Аскар Акаев: Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов Кыргызстан согушкерлерди Фергана өрөөнүнө киргизбей, сүрүп чыгарганы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ал өзбек армиясына кыргызстандык аскерлерден согушканды үйрөнгүлө деп айткан.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов расмий түрдө Кыргызстан согушкерлерди Фергана өрөөнүнө киргизбей, сүрүп чыгарганы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ал өзбек армиясына кыргызстандык аскерлерден согушканды үйрөнгүлө деп айткан. Себеби ошол убакта тажик-өзбек чек арасынан ӨИКтин бир нече майда топтору өтүп, диверсиялык иштерди жасап, өзбекстандык жоокерлер менен атайын кызматтарынын шайын оодарган. Ошол убакта Кыргызстандын эли жапа тырмак көтөрүлүп, армияга көмөк көрсөттү деп баса белгилеп кетким келет.

Тема боюнча

Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз
Полковник Раджапов: уулунун өлтүрүлүп жатканын көрүп атасынын жүрөгү жарылып кеткен
"Биз — жан кечтибиз". Кыргызстандын аскер чалгынчыларынын бааланбай калган эмгеги
Белгилер:
Баткен, согуш, Баткен окуясы, Өзбекстан, террорчулук, Аскар Акаев, Жумабек Асанкулов, Эрик Асаналиев, согушкер, чек ара

ЭҢ МААНИЛҮҮ