Ортого от жаккылары бар. Акылбек Жапаров орус тили боюнча чыккан чуу тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековIII кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате
III кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Министр кыргызстандыктар парламенттик шайлоонун алдында жеке пайдасын ойлоп эки элдин ортосуна от жагууну каалаган кызуу кандууларга караганда өз тарыхын көбүрөөк сыйлайт деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандагы орус тилинин ролу тууралуу айтып берди.

Ал бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан III кыргыз-россия бизнес-форумунда сөз сүйлөдү. Жапаровдун айтымында, жалпысынан Кыргызстан менен Россияны байланыштырып турган көп тармак бар. Бул соода-экономикалык, социалдык, маданий жана гуманитардык мамилелер.

"Бирок биздин кызматташтыктын эң башкы аргументи жана булагы баарыбыздын жалпы тарыхыбыз болуп саналат. Атап айтсак, Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдары, советтик индустриализация жана кылымдын ири курулуштары, Байкал-Амур магистралы, Целина, космосту өздөштүрүү. Ал эми бүгүн биздин өлкөлөрдү ЕАЭБ жана башка уюмдар жакындатты. Бул — азыркы замандын, мамлекеттин жана элдердин келечектеги тарыхы", — деди Жапаров.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жапаров Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол койду
Ошондой эле ал Кыргызстанда ар дайым Россияга жана анын тарыхына, маданиятына урмат-сый менен мамиле жасаларын баса белгиледи. Мисалы, орус тили ар дайым алдыңкы тилдердин бири болуп, Конституцияда расмий тил бойдон сакталып калганын айтты.

"Кыргызстандагы калктуу пунктулардын орус тилдүү аталыштарын өзгөрткөн жокпуз. Россиянын улуу акындарынын, саякатчыларынын, коомдук ишмерлеринин эстеликтери сакталуу бойдон турат. Эң башкысы — Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликтерди сактап калдык. Бүгүнкү күндө алар биздин маданияттын жана элибиздин кенчинин бир бөлүгү болуп калды. Орус тилине болгон сый-урматтын үлгүсү катары кыргызстандыктардын дээрлик баары орус тилинде сүйлөй аларын айтсак болот", — деди министр.

Аны менен катары Жапаров Лениндин эстелиги түрттүрүлбөгөнүн, 23-февраль, 8-март, 1-май, 9-май, жадагалса 7-ноябрь да кызыл дата экенин айтып өттү.

"Муну баарын Россиядагы биздин элчиликтин алдына кызуу кандуулук менен чыккандар үчүн айтып жатам. Бүгүн өзүңүздөрдүн тарыхыңыздарды карап көрүңүздөрчү, ал жакта жана бул жакта эмне болуп жатат. Биз көбүрөөк орус тилдүүбүз. Биз өз тарыхыбызды парламенттик шайлоонун алдында жеке пайдасын ойлоп эки элдин ортосуна от жагууну каалаган кызуу кандууларга караганда көбүрөөк сыйлайбыз. Мен бүгүнкү форумга катышып жаткандар мындайга жол бербейбиз деп ойлойм", — деди Жапаров.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзүнүн мамлекеттик жана саясий кызматкер болуп калыптанышына орус тилинин жана Россиянын түз тиешеси бар экенин экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0