05:57 19 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7961
  • EUR98.2024
  • RUB1.1914
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)
173310

Учурда кооптуулук жаратып жаткан коронавирус инфекциясынын жалпы абалы жана ага каршы калкка эмдөө жүргүзүү иштеринин жүрүшү тууралуу бир катар пикирлер айтылууда. Калк арасында эмдөөгө терс пикир айткандар да жок эмес.

Вакцина алуунун негизги максаты жана анын кесепети туурасында кенен маалымат берүү үчүн Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси, медицина илиминин доктору Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек берди.

— Учурда былтыркыдай эле оору күчөп турган маал. Вирус жуктургандардын саны күнүнө 1000дин тегерегинде болсо, көз жумгандардын саны ондон ашып кетүүдө. Мунун башкы себеби эмнеде? Канча убакытка чейин ушул жогорку көрсөткүчтө турабыз?

— Азыркы күндөгү коронавирус боюнча абалды оор деп эсептейбиз. Анткени июль айынын акыркы жумасын эске алганда эле оору жуккан 7804 учур катталды. Муну быйылкы марттын акыркы жумасы менен салыштырсак, анда 701 учур аныкталган. Мындайча айтканда, азыр оору жуктуруу 10-11 эсеге көп болуп, жогорку көрсөткүчтө турабыз. Бирок ылдыйлоого бир аз үмүт бар. Июль айынын алгачкы аптасында статистика 10 124 кишинин ооруп калганын көрсөткөн. Ошондон бери сан бир аз азаюуда. Бейтаптардын саны дүйшөмбү күндөн (26-июлдан бери - ред.) бери аздап болсо да 969, 930, 958 болуп төмөндөп келе жатат. Бул апта ушул көрсөткүч менен аяктаса, өткөн жумадан 1000 учурга азыраак болот.

Ал эми аймактар боюнча Бишкек менен Чүйдө COVID арбын. Өткөн жумада эң көп Баткен облусунда катталган. Муну эмне үчүн айтып жатам. Себеби коронавирустун 1-2-толкунунда да алгач оорунун көптүгү Бишкек менен Чүйдө, анан жүрүп отуруп, эң акырында Баткенде байкалган. Бул дагы ооруну алып жүргөн адамдардын миграциясына байланыштуу болот. Мындан ары акырындан ылдыйлай берет деген ойдобуз.

Эми күнүмдүк маалыматтарга токтолсок, бүгүн, 30-июлда, 958 учур катталды. Ошол эле учурда сакайып чыккандар 1 485 адамды түздү. Бул жалпы дарыланып жаткандардын 500 адамга азайгандыгын билдирет. Кечээ 530, андан мурунку күнү 727 бейтапка азайган. Бул күндөрү коронавирус жуктуруп алгандарга караганда айыгып чыккандар көп болууда.

Бишкек менен Ошто оорунун көп катталышы калктын жыштыгына, медициналык кызматтардын көптүгүнө, миграцияга жана вирус штаммдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Азыркылар вирустун алгачкы штаммдарына караганда тез тароо касиетине ээ, тагыраагы, 50 пайыздан 70 пайызга чейин тез тарайт.

— Өзүңүз айткандай, акыркы кезде коронавирустун штаммдары да көбөйүп, соңку учурда "индиялык" штамм жайылып жатат. Анын белгилери да мурдагыларга салыштырганда кескин айырмаланып, көбүн эсе ичеги-карын ооруларына алып келип, жөтөл эмес ич өткөк менен башталат деп жатат. Учурда кайсы штаммдар жүрөт?

— Бейтаптардын канча пайызы кайсы штамм менен жабыркап жатканы тууралуу так, толук маалымат жок. Вирустарды референс лабораторияларга жөнөтүшкөндө эле ал жактан кайсы штаммдар кездешип жаткандыгы боюнча жалпы маалымат берилет. Биз оорунун жүрүшү тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүлөрүнө карап, аталган штаммдар бизге да келиши мүмкүндүгүн айтканбыз. Кийин алардын Кыргызстанда бар экендиги аныкталган. Казакстандын Нурсултан жана Алматы шаарында оорунун штаммдарын так аныктай алган эки лабораториясы бар. Кечээ эле казак окумуштуулары менен жолугушканыбызда алар вирустун "дельта" түрү 60 пайыздан ашкандыгын айтышты. Бирок биз ага өтө деле маани бере бербешибиз керек. Бул маалымат вирусолог, эпидемиолог жана дарыгерлердин тенденцияга көз салып туруусу үчүн керек. Жарандарга анча маанилүү эмес. Алар жүрүм-турумун эле көзөмөлдөп, оорудан сактануунун камын көрүүсү зарыл.

Вирус мурда жаныбарлардын организминде жүргөн болсо, кийин адамдын организмине киргенде сөзсүз мутацияга тушуккан. Анткени өзгөрүүгө муктаж. Элибиз мутация болуу — бул вирустун күчөшү деп түшүнүп албашы керек. Тескерисинче, вирустун өзгөрүшүнүн 95 пайызы өзүнө каршы иштейт. Беш пайызы гана ошол жерге ыңгайлашып жашап кетет. Негизинен вирустун башкы курамы али өзгөрүлө элек. Көбүнчө S белок жана N белок өңдүү сырткы кабыкчасында гана өзгөрүүлөр болуп жатат. Андан кийин айта турчу нерсе, коронавирус 1-2 жылдын ичинде ушунчалык деңгээлге чейин өзгөрбөйт. Өзүнүн касиетин толук кубултуп, башка вирус болуп кала албайт. Башкача айтканда, 5-6 ай мурдагы коронавируска антителоңуз иштелип чыкса, оору кайра жукса деле сөзсүз түрдө сактайт. Ошондой эле вакцина да коронавирустун баштапкы штаммдарынан алынгандыктан вирустун бардык түрүнөн коргой алат.

— Калк арасында ушу кезге чейин эмдөө иштери солгун жүрүүдө. Күзгө чейин элдин 70 пайызы эмделип калса, Билим берүү министрлиги мектептерди оффлайн түрүндө ачууга даярдыгын айткан. Байкап көрсөк, күзгө чейин ал көрсөткүчкө жетпейт окшойбуз. "Вакцина илимий изилдөөлөрдөн толук өткөн жок" деген кооптонуулар айтылып жатат. Ушул багыттан да вакцинанын кооптуулугу тууралуу түшүндүрмө берип кетсеңиз?

— Каршы сүйлөгөндөр калктын 25 пайызына деле жетпейт. Жалпы эл ишенип эле эмделүүгө макул. Вакцинанын кайсы түрүн алсаңыз да, ал өлүмгө дуушар болуучу ооруну азайтат. Эмделгендердин ичинен бир пайыздан үч пайызга чейинкилери гана ооруп калышы мүмкүн, бирок алар да жеңил өтөт. Муну элдин баары билет. Вакцина эч убакта өзү оору чакыра албайт. Анын жасалуу жолдору да ар кандай. Өлтүрүлгөн, чала жан вирустардан жана вирустун кайсы бир бөлүгүнөн жасалат. Ошондуктан эмдөөдөн улам ооруп калдык деген чындыкка коошпойт. Вакцина алгандан кийин үч-төрт күн ал адамдын абалын көзөмөлдөп турабыз. Буга чейин Кыргызстанда эч кандай күтүүсүз учур катталган жок. Дүйнө жүзүндө да окумуштуулар бул жагын тыкыр иликтеп жатат. Американы алып карай турган болсок, CDC деген илимий жактан так көзөмөлдөгөн уюму бар. Алардын маалыматы боюнча, 180 миллион эл эмдөөдөн өткөндөн кийин вакцина алгандардын ичинен 15 миң адамдан вирус табылган. Бул сан коомчулукка көп көрүнүшү мүмкүн. Бирок 15 миңдин артына эки нөл коюп, аны 180 миллионго бөлүп көргүлө, өтө төмөн көрсөткүчтү берет. Бирок бул жыйынтыкты алар коомчулукка жарыялаган жок. Анткени вакцинация алуу оору жугузуудан сактайт дегенди билдирбейт. Ал вирус жукса да оорунун жеңил өтүүсүнө жардам берет.

Руководитель Республиканского научно-практического центра контроля вирусных инфекций НПО Профилактическая медицина Зуридин Нурматов на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Зуридин Нурматов: Бишкек менен Ошто оорунун көп катталышы калктын жыштыгына, медициналык кызматтардын көптүгүнө, миграцияга жана вирус штаммдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу

Бүт дүйнө жүзү вакцинанын таасиринен ооруга чалдыккан адам жок экендигин тастыктап жатышат. Кечээки маалымат боюнча, Кыргызстанда 527 миң 980 адам вакцина алды. Жалпысынан калктын 7-8 пайызы эмделди. Бирок 6,5 миллион жарандын баарын эле эсепке ала албайбыз да. Бир миллионго жакын жаран миграцияда жана бул алты миллиондун ичинде жаш балдар да бар. Буларды алып салганыбызда жарамдуу калктын 20 пайыздан ашыгы вакцина алды. Акыркы маалыматтарда 19 миң 80 адам эмдөөдөн өттү. Ошонун ичинен биринчисин алгандар 17 494 болсо, экинчисине келгендер 1 586 болуп жатат. Алгач эмделүүгө өтө үгүттөгөнүбүз жок. Анткени COVAX механизми боюнча башында дүйнө жүзү бизге 1 млн. 200 миң адамга вакцина бериши керек болчу. Аны бере алган жок. Россия деле өзүн-өзү камсыздай албай жатат. Башка вакцина чыгарган мамлекеттер деле элин жалпы эмдөөдөн өткөрө алган эмес. Алар деле өз жарандарын толук камсыздай элек. Бизге Кытай эң көп жардам берди. Башында 150 миң доза берген. Эми 1 млн. 250 миң доза дагы алдык. Кытай 1 млрд. 600 миллион жаранын эмдөөдөн өткөргөн. Андан тышкары 65 өлкөдө Sinopharm сайылууда.

Индиядагы эпидемиологиялык абал оор болчу. Азыр 450 миллион адамга вакцина жасаган соң оору кескин түрдө ылдыйга кетти. Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар, биринде ооругандан кийинки иммунитет, экинчиси вакцина алуу керек. Вакцинациядан кийин антитело пайда болушуна 100 пайыз кепилдик бар. Ошол себептен вакцина алгыла. Сауд Аравиясына зыяратка барганда да коронавируска эмдөө албагандарды киргизбейт. Мусулман өлкөлөрүндө да ушул талап коюлган.

— Вакцина алгандан кийин канча убакта антитело пайда болот же ПЧР-тест организмде коронавирус жок экендигин качан көрсөтүп калат? Дегеним, вакцина алгандарда биринчи доза менен экинчисинин аралыгында оору жуккандыгы аныкталып калууда...

— Эл аралык талап боюнча ПЧР анализ үч күнгө чейин жарайт. Эмдөө алсаңыз, анын ПЧРге эч кандай тиешеси жок. Антитело иштелип чыккыча болжол менен 14 күндөн 21 күнгө чейин убакыт кетет. 21 күндөн кийин экинчи дозасын алабыз. Анткени биринчи дозасын алганда, иммунитет иштеп чыгып жаткан организм "бул вирус башка келбей калды го, эмне үчүн мен антитело иштеп чыгып жатам" дей баштайт. Ошентип иммунитет иштеп чыгуу процессин организм кескин түрдө өзү токтотот же азайтат. Ошол себептен организмди образдуу айтканда "жок, бул вирус сага дагы түшөт" деп алдап вакцинанын экинчи компонентин сайганыбызда, организм аны сезип, антителолордун жогорку деңгээлдегисин иштеп чыгат. Иммунитет көпкө чейин сакталат. "Вакцина алгандан кийин 12 күндөн соң ПЧР тапшырсам анализ оң болуп чыгып калды" дегендер бар. Бул турган иш. Анткени вакцина вирус жугуудан сактабайт. Бул адамдар вирус жуктурган эле адамдар болуп эсептелинет. Вакцинанын ага эч тиешеси жок. Башка өлкөгө чыкканда вакцина алган болсоң, ПЧР тест сурабайт. Анткени оору андан ары көбөйбөйт жана башкаларга жугуу жагы да 99 пайыз төмөндөйт. Вакцина аларда же алгандан кийин антитело тапшырып убара болбой эле койгула.

Ошондой эле ВИЧ/СПИД же онкологиялык оорулар менен ооругандар да эмдөө алса, кийин оору жукканда организм аны таанып дароо иммунитет иштеп чыгып, жеңил өтөт.

— Вакцинация алгандан кийин кандай эрежелерди сактап жүрүү керек?

— Эмдөөдөн кийин өтө катуу деле эреже талап кылынбайт. Өзүңөрдү эки-үч күн байкагыла. Ошол күнү эле бассейнге же кир сууга түшсөңөр вакцина алган жер бир аз кызарып же болбосо инфекция кирип кетиши мүмкүн. Ушул себептен үч күнгө чейин сактанып тургула.

Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Зуридин Нурматов: Эл аралык талап боюнча ПЧР анализ үч күнгө чейин жарайт. Эмдөө алсаңыз, анын ПЧРге эч кандай тиешеси жок. Антитело иштелип чыккыча болжол менен 14 күндөн 21 күнгө чейин убакыт кетет

— Күз мезгилине, негизи эле алдыңкы айларга божомолдоруңуз кандай?

— Калктын 60-70 пайызында ооруга иммунитет пайда болуп калды. Азыр күнүнө 15-20 миң адам вакцина алып жатат. Ушул темп менен кетсек, вакцина алгандардын саны 90 пайызга жетет. Анда түрдүү штаммдарга карабай оорунун азыркыдай жогорулоосу болбойт. Коронавирус да сасык тумоодой мезгил-мезгили менен бир аз гана адамдын арасында айланып жүрө бере турган абалга келип алат. Бул вирус мурдатан эле бар эле, бирок азыркысы өз касиеттерин толук өзгөрткөн түрдө келди. Муну лабораторияда жасалган деген чындыкка дал келбейт. Бул вирус 293 миллион жыл мурда эле пайда болгон жана өткөн кылымда эле аныкталган. Ал улам кичинеден өзгөрүп турган.

Азыр дүйнөдө 3 млрд. 900 миллиондон ашык вакцинация жасалды. Бул илдеттен дүйнө жүзүндөгү элди толук эмдегенде гана кутулабыз. Чечектен деле эмдөө жолу менен арылышкан. Ушуга чейин чечек боюнча бир да учур каттала элек.

— Ооруп айыккандан кийин жана эмдөө алгандан кийин деле пайда болгон антитело убактылуу экен дешет. Бул тууралуу оюңуз кандай?

— Вакцина алгандан кийинки же болбосо ооруп айыккандарда пайда болгон иммунологиялык эс-тутум адам өмүрүнүн акырына чейин калат. Вирустарды талкалагандан кийин организмдеги антителолорду организм аз-аздан азайтат. Анын сезгичтиги тиешелүү деңгээлден ылдый түшүп кеткенде лабораториялар "жок" деп көрсөтө берет.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)

Тема боюнча

Кыргызстандык вирусолог: азыр COVID адамды болушунча өлтүрбөгөнгө аракет кылууда
COVID жуктургандар кайсы ооруканага жаткырылат. Бишкек жана Чүйдөгү бош орундар
Белгилер:
вакцина, дүйнө, оору, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ