Бостериде таштап кеткен балдардын ата-энеси табылды 

© AFP / CARL COURTКөлдүн жээгиндеги эркек менен аял. Архив
Көлдүн жээгиндеги эркек менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Буга чейин облустук милиция жашы жете элек балдардын ата-энесин табышып коюуну элден суранган. 18-июлда аял балдарын Бостеридеги ижарага алган бөлмөгө таштап кеткен.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында энеси ижарага алган бөлмөгө таштап кеткен балдардын ата-энеси табылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Буга чейин облустук милиция жашы жете элек балдардын ата-энесин табышып коюуну элден суранган эле. Маалыматта 17-июль күнү эки баласын ээрчиткен аял Бостериден ижарага бөлмө алганы, эртеси үй ээлеринен балдарын карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз жакка кеткен бойдон келбегени кабарланган

Республикалык психикалык ден соолук борборунун психологу Гулира Сулайманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Радио
Сулайманова: орой мамилени көрүп өскөн бала үй-бүлө баалуулуктарын билбей калат
Милициядан билдиргендей, балдарды алып кетүү үчүн атасы келген. Ал уулдарын ЖМКлардагы сүрөттөн таанып, Бишкектен Бостериге барган. 

Укук коргоочулар балдардын энесин дагы тапкан. Ал 22 жаштагы Т.П. экени аныкталып, аял балдарын эмнеге калтырып кеткенин түшүндүргөн эмес. 

Балдар иши боюнча комиссия ата-эне менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин аларга балдарды өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0