Жапаровдун маалымат катчысы: бийлик Инандыны Түркияга өткөрдү деген шектенүү абсурд

© AFP / HENDRIK SCHMIDTОбвиняемый в наручниках в зале суда
Обвиняемый в наручниках в зале суда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандын бийлиги Түркия менен өз ара келишип, Орхан Инандыны кармап берген деген шектенүүнү айтышкан.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине тийиштиги бар деген шектенүүлөр акылга сыйбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандын бийлиги Түркия менен өз ара келишип, Орхан Инандыны кармап берген деген шектенүүнү айтышкан. Айрым парламентарийлер "кармап беришти", "белек кылышты" деген түрк медиасында жарык көргөн макалаларды мисалга келтирди. Президенттин маалымат катчысы булардын баарын абсурд деп атады.
"Орхан Инанды жоголгон биринчи күндөн тартып эле президент Жапаров күч түзүмдөрүнө аны издөөнү, чек араларды көзөмөлдөөнү, кошумча күчтөрдү тартып ыкчам издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган. Буга чейин да аны уурдоого үч ирет аракет болгон экен. Акыркысында биздин атайын кызматтын өкүлдөрү сактап калганы аныкталды. УКМК Инандыга жан сакчынын кайтаруусунда этият болууну өтүнгөн", — деген Султанбаев.
Ал Инандынын уурдалганы боюнча маселе түрк тарапка коюлганын, кечээ өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисине нааразычылык нотасын тапшырганын белгиледи. Түркия тарап буга азырынча расмий жооп бере элек. Деген менен алар оозеки түрдө Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин, ал жарандыктан чыкпагандыгын билдиришкен.

Орхан Инандынын уурдалышы

"Сапат" билим берүү тармактарынын негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү Бишкектен жоголгон. Автоунаасы эшиктери ачылган абалда Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде табылып, ал кишинин жоголгондугу тууралуу арызды уулу жазган. "Сапат" билим берүү мекемесинин юристи Зоотбек Кудайбергенов Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын 2012-жылы алганын белгилейт.
Өз кезегинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Инандыны уурдоо боюнча кол салуу болорун эки жыл мурда эскерткенин билдирди. Президент Садыр Жапаров Инанды жоголгон күнү аны табуу боюнча күч органдарына тапшырма берген. Бул маселе Коопсуздук кеңешинин жыйынында да козголгон.
Жан сакчы иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
УКМК: Инанды уурдалган күнү жан сакчылары башка жакка суранып кеткен
6-июнда Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды айрымдар анын күйөөсү Түркиянын Бишкектеги элчилигинде болушу мүмкүн экенин айтканын билдирген. Кийинчерээк ИИМге Түркиянын элчилигинин имаратында Инанды жок экенин маалымдашкан.
Жапаров Түркияга жасаган иш сапарында бул боюнча Эрдогандан сураганда, ал Инандыны билбей турганын айткан.
5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бир ай мурда жоголгон Орхан Инанды атайын операцияда кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды. Ал арада Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга Кыргызстан тараптан нота тапшырылганы маалым.
Бүгүн Жогорку Кеңеште Орхан Инандынын жоголушу боюнча маалымат угулуп, токтом кабыл алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0