Дүйнөдөгү 7 окуу жайга өткөн Элнур. Алтын сертификаттын ээси менен маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖалпы республикалык тестирлөөдөн 219 балл алып, алтын сертификаттын ээси Элнур Эсеналиева
Жалпы республикалык тестирлөөдөн 219 балл алып, алтын сертификаттын ээси Элнур Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Элнур Эсеналиева Жалпы республикалык тестирлөөдөн 219 балл алып, алтын сертификаттын ээси болду. Мындан тышкары, англис тилиндеги SAT экзаменинен дагы жогорку балл алып, дүйнөдөгү алдыңкы 7 окуу жайга өтүп кеткен.
Билими менен дүйнө багындырам деген бүтүрүүчүнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кепке тартты.
— Элнур, алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?
— Бишкек шаарынын тургунумун. 5-класстан бери №61 физика-математикалык мектепте окудум.
Атам Кыргызстандагы "Улуттук электр тармактары" ишканасында диспетчер. Апам болсо ошол ишкананын окуу борборунун методикалык бөлүмүнүн башчысы. Менден бир жаш кичүү иним бар. Ал №70 орто мектепте окуйт. Робототехникага абдан кызыгып, ошол боюнча мелдештерге катышып жүрөт.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭлнур Эсеналиева Жалпы республикалык тестирлөөдөн 219 балл алып, алтын сертификаттын ээси болду
Выпускница Элнур Эсеналиева получившая золотой сертификат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элнур Эсеналиева Жалпы республикалык тестирлөөдөн 219 балл алып, алтын сертификаттын ээси болду
— Алтын сертификат алуу үчүн канча убакыт даярдандыңыз?
— Аябай деле даярданган жокмун. Негизи биздин мектепте билимди абдан жакшы берет. Математика, физика сабактарына басым жасалгандыктан, ал предметтерден кыйналган жокпуз. Орус тил менен кыргыз тилди да жакшы өтүшкөн. Ошол себептен мектепте алган билимим менен эле жогорку балл алдым деп ойлойм.
Мен эле эмес, биздин мектептен быйыл 13 бала алтын сертификат алышты. Анын 11и бир класстан, тагыраагы, баарыбыз классташпыз.
Негизи башынан эле чет мамлекетте окуйм деп 10-класстан бери англис тилине басым жасап, ЖРТ сыяктуу SAT деген англис тилиндеги экзаменге даярдангам. Жалпы республикалык тестирлөө экөөнүн тапшырмалары окшош экен. Болгону эки башка тил. Ошол себептен да ЖРТдан кыйналган жок окшойм.
— Демек, башынан эле чет жакта окуйм деп максат койгон турбайсызбы?
— Ооба, негизи адамдын алдыга коюлган максаты, каалоосу болсо, ишке ашат экен. Чет жактан окуйм деп дүйнөдөгү көп окуу жайларга документтеримди жөнөткөм. Анын ичинен АКШдагы үч университетке өттүм. Бирок алардын бирөөндө эле грант бар экен. Мындан тышкары, Венгрияда эки, Түштүк Корея жана Гонконгдогу шаардык университет да кабыл алышты. Баарында тең грант бар экен. Булардын ичинен Гонконг шаардык окуу жайын тандап алдым. Анткени ал дүйнөдөгү мыкты 50 университеттин катарында.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭсеналиева англис тилиндеги SAT экзаменинен дагы жогорку балл алып, дүйнөдөгү алдыңкы 7 окуу жайга өтүп кеткен
Выпускница Элнур Эсеналиева получившая золотой сертификат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева англис тилиндеги SAT экзаменинен дагы жогорку балл алып, дүйнөдөгү алдыңкы 7 окуу жайга өтүп кеткен
— Кайсы кесиптин ээси болоюн деп жатасыз?
— Бардык окуу жайдан тең инженерия тармагын тандагам. Инженер болгум келет. Гонконгдогу окуу жайда 4 жыл акысыз, стипендия алып окуйм. Стипендиясы 5000 доллар.
— Сиз жогоруда айтып кеткен окуу жайлардын талаптары кандай?
— Эң башкысы, англис тилин билишиң керек. TOEFL, SAT экзамендеринин жыйынтыгын көрсөттүм. Мындан тышкары, эссе жазып, сураган документтерин бересиң.
— Кыргызстанда өткөн ЖРТнын жыйынтыгы да эске алынабы? Маселен, алтын сертификат менен өтө аласызбы?
— Гонконгдогу окуу жайлардын көбүндө ЖРТдан алган балл эске алынат. Тагыраагы, 210дон көп балл алсаң ал жактагы бир топ университетке тапшыра аласың. Болгондо да грант менен стипендия алып окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мен деле Жалпы респбликалык тестирлөөгө катышпай эле койсомбу деп жаткам. Бирок ЖРТнын жыйынтыгы да эске алынарын угуп, ага катышып, жогорку балл алдым.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭсеналиева: Бишкек шаарынын тургунумун. 5-классыман бери №61 физика-математикалык мектепте окудум
Выпускница Элнур Эсеналиева получившая золотой сертификат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева: Бишкек шаарынын тургунумун. 5-классыман бери №61 физика-математикалык мектепте окудум
— Экзаменге даярданууда телефон, интернет же башка нерселерге азгырылып, алаксыган жоксуңарбы?
— Гитара курсуна барып, бош убактымда гитара чертчүмүн. Англис тилине басым жасап үйрөнө баштагандан кийин хоббилеримдин баарын жыйыштырдым. Телефон, интернет, соцтармак деген нерселерге көз каранды деле эмес болчумун. Мага андан көрө уктап алган маанилүү болчу. Бир кезде өзүмдүн Instagram баракчам бар экенин да унутуп коюптурмун.
Экзамен алдында абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Учурдан пайдаланып ата-энеме мага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Алар жөнөкөй эле мамлекеттик кызматкерлер. Бирок менин чет өлкөдө окуйм деген тандоомду, максатымды колдоп, колунан келген жардамды беришти. Бир убакта өзүмө ишенбей калган учурлар болгон. Бирок ата-энем "сен кыйынсың, баары жакшы болот" деп жатып ушундай ийгиликке жеттим. Ошондой учурда жаныңда колдогон адам жок болсо, сынып каласың. Мен чет мамлекеттен көп окуу жайларга тапшыргам. Алардын арасынан өтпөй калгандарым деле болду. Бул учурда өзүмдү жемелеп, маанайым бузулганда атам менен апам жакшы сөздөрүн айтып жанымда болушту.
Жакшы жооптор келе баштаганда менден биринчи алар сүйүнүп, кубанышты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭсеналиева: атам Кыргызстандагы "Улуттук электр тармактары" ишканасында диспетчер. Апам болсо ошол ишкананын окуу борборунун методикалык бөлүмүнүн башчысы
Выпускница Элнур Эсеналиева получившая золотой сертификат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева: атам Кыргызстандагы "Улуттук электр тармактары" ишканасында диспетчер. Апам болсо ошол ишкананын окуу борборунун методикалык бөлүмүнүн башчысы
— Сиздин маекти окуучулар, кийинки жылдын бүтүрүүчүлөрү окушу мүмкүн. Аларга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?
— Эң биринчиси, адам алдыга так бир максатты коюш керек. Эгер чет өлкөдө окугусу келсе, анда ага эмгек, аракеттин арты менен жетсе болот. Мектептен өтүлгөн сабактарды эле жакшы окугула. Анан чет мамлекетке барууну каалагандар болсо англис тилди жакшы өздөштүрүү зарыл. Адамдын колу жетпеген эч нерсе жок деп ойлойм. Кыйналсаң да аракет кылсаң максаттар ишке ашат экен.
Мен мектептен жалаң "5" деген баага деле окуган жокмун. Анын үстүнө "5" алуу биздин мектепте оңой эмес болчу. Кеп баада эмес, алган билимиңде.
Жаңы үлгүдөгү Алтын тамга аттестаттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды. Сүрөт
Ата-энелер балдардын каалоосу, тандоосу менен эсептешиши керек деп ойлойм. Мисалы, биздин ата-энебиз иним экөөбүздүн тандообузга кийлигишип тоскоол болгон жок. Чет өлкөдөн окуйм десем колдошту, гитара үйрөнөм десем "мейли" дешти. Иним да өзү каалаган тармакты өздөштүргөндү жакшы көрөт.
Ар бир бала бир нерсеге шыктуу болот. Бирөө сабакты жакшы окуса, бирөөнүн бийге жөндөмү болушу мүмкүн. Айрым ата-энелер "бул кесип жакшы, ушул жактан оку" деп мажбурлай бергени туура эмес деп ойлойм. Ооба, багыт берип, жол көрсөтүшү керек, бирок баланын каалоосу, шык-жөндөмү менен да эсептешиши зарыл го.
— Окууну бүткөндө Кыргызстанга келесизби?
— Дароо эмес, ал жактын чоң корпорацияларында иштеп, тажрыйба топтоп, анан келем деген оюм бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0