Адис чет өлкөгө чыкканда тамакты кантип тандоо керектигин түшүндүрдү

© AFP / FRANK PERRYРесторан. Архив
Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, чет өлкөдө ууланып же ден соолукка залака тийгизип алуу укук жагынан дагы, акчалай жагынан дагы бир топ түйшүк жаратат.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чет өлкөгө чыкканда өзүңө тааныш эмес тамакты жээрден мурда анын курамында эмне бар экенин сөзсүз сурап алуу керек. Бул тууралуу Москва шаарынын Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү департаментинин штаттан тышкаркы башкы адиси Андрей Тяжельников РИА Новости агенттигине айтып берди.
Адистин пикиринде, башка өлкөдө алгачкы жолу жеп жаткан тамактардын кайсы жерде жана кандай шартта жасалганына көңүл буруу керек.
"Чет жактан тамактын курамында эмне бар экенин сөзсүз сураңыздар. Балким аллергия кыла турган же ашказанга жакпаган азыктар болуп калышы толук мүмкүн. Ошондой эле күмөн санаткан тамак-аштан жана тамактануу жайларынан оолак болгон оң. Эң эле жакшысы, эгер сизди коштоп жүргөн ишенимдүү жергиликтүү тургун болсо, андан кеп-кеңеш алып туруу зарыл", — деди адис.
Тяжельников кошумчалагандай, чет өлкөдө ууланып же ден соолукка залака тийгизип алуу укук жагынан дагы, акчалай жагынан дагы бир топ түйшүк жаратат.
Жаңылыктар түрмөгү
0