Куудул Рахман Разыков каза болду

© Фото / предоставлено Эрнисом БорубаевымКуудул, сатирик Рахман Разыков. Архив
Куудул, сатирик Рахман Разыков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Разыков коронавирус илдетине чалдыгып он күндөн бери жубайы экөө Ош шаарындагы ооруканалардын биринде жаткан.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду. Кабарды анын жакындары тастыктады.
Куудулдун жакын санаалашы, Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын айтымында, ал коронавирус илдетине чалдыгып, 10 күндөн бери жубайы экөө Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.
"Кечээ түштөн кийин ал жаткан ооруканага тамак алып барып киргизгем. Телефондон сүйлөшсөм "бир аз кыйналып жатам, дарылар таасир этпей калды" деп айткан. Жакшы сүйлөй албай телефонду жубайына берген", — деди Садыбакасова.
Рахман Разыков 66 жашта эле. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында туулган. "Бешилик", "Беш-Тапан" куудулдар тобун түзүп, чоң сахнага алып чыккан. Анын "Ар бир айдын алтысы, аралаштын азил-күлкү тамашасы" долбоору көпчүлүктүн колдоосуна татыган. Ошондой эле ал куудулдардын сатираларын жазчу, тасмаларда дагы роль жараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0