https://sputnik.kg/20210601/bishkek-marshrutka-ish-tashtoo-1052689853.html
Эртең Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштайбы? Мэриянын жообу
Эртең Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштайбы? Мэриянын жообу
Sputnik Кыргызстан
Мэриянын өкүлдөрү жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулса эле кабыл алынарын белгилешти. 01.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-01T23:59+0600
2021-06-01T23:59+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
маршрутка
иш таштоо
мэрия
бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
https://sputnik.kg/img/103843/39/1038433984_0:431:5883:3740_1920x0_80_0_0_df00772c0000263f80d7d1e2bd4a52fe.jpg
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда эртең, 2-июнда, борбор калаада маршрутка айдоочулары иш таштай турганы боюнча маалымат тарап жатат.Айдоочулар январда май айына чейин жол кирени көтөрүү боюнча мэриянын убадасы аткарылбай жатканына нааразы экени айтылды. Калаа мэриясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга бул боюнча иш алып барып жатканын билдиришти.Ошол эле учурда мэрия жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулса эле кабыл алынарын кабарлады.“Мэрия жыл башында айдоочуларга берген убадасынан тайган жок. Жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоору даярдалган, аны жакында эле Экономика жана финансы министрлиги жактырды. Шаардык кеңеш токтом кабыл алып берсе жаңы тариф күчүнө кирет”, — деп билдиришти муниципалитеттен. Ал эми Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясынын башчысы Алтынбек Доспаев иш таштоо тууралуу кабары жоктугун айтты.Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-19-январында айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
https://sputnik.kg/20210122/bishkek-marshrutka-ajdoochu-kireshe-video-1051196605.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103843/39/1038433984_324:0:5560:3927_1920x0_80_0_0_466e2e367954f3952b647d45000eccfe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, маршрутка, иш таштоо, мэрия, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, маршрутка, иш таштоо, мэрия, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
Эртең Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштайбы? Мэриянын жообу
23:59 01.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мэриянын өкүлдөрү жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулса эле кабыл алынарын белгилешти.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда эртең, 2-июнда, борбор калаада маршрутка айдоочулары иш таштай турганы боюнча маалымат тарап жатат.
Айдоочулар январда май айына чейин жол кирени көтөрүү боюнча мэриянын убадасы аткарылбай жатканына нааразы экени айтылды.
Калаа мэриясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга бул боюнча иш алып барып жатканын билдиришти.
“Кечээ, дүйшөмбү күнү, жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери мэрияга келип 10 чакты айдоочу иш таштап, митингге чыгууга үндөп жатканын кабарлашкан. Алар фирманын башчыларын укпай, ушундай кадамга барууга камынганын айтышкан. Мындан улам мэрияда акимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүп, кырдаал талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда мэрия жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулса эле кабыл алынарын кабарлады.
“Мэрия жыл башында айдоочуларга берген убадасынан тайган жок. Жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоору даярдалган, аны жакында эле Экономика жана финансы министрлиги жактырды. Шаардык кеңеш токтом кабыл алып берсе жаңы тариф күчүнө кирет”, — деп билдиришти муниципалитеттен.
Ал эми Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясынын башчысы Алтынбек Доспаев иш таштоо тууралуу кабары жоктугун айтты.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-19-январында айрым маршрутка айдоочулары
жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.