Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан

Баткенде 3-майга карата абал кандай. Сүрөт, видео

Жазылуу
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу тынчып, азыр өкмөт чыгымдарды санап, жабыркагандарга материалдык жардам берүү жагын караштырууда.
Бийлик жаңжал учурунда эвакуацияланган кыргызстандыктарды кайрадан чек арага жакын жайгашкан айылдарга, өздөрү туруктуу жашаган аймактарга алып келе баштады.
Соңку маалыматтарга таянсак, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга тажик тараптын кол салуусунан 34 адам каза болуп, 178 киши жарадар болду.
Көз жумгандардын үчөө аскер адамы болсо, калгандары жай тургундар, арасында бир өспүрүм кыз бар.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:50 03.05.2021

 Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров району чектешкен жердеги трассаны оңдоону Тажикстан тарап токтотот. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 3-майда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын бөлүп турган трассаны тажикстандык жолчулар оңдоп жатканы маалым болгон.

"Тажикстандын жол оңдоочулары Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек району менен Тажикстандын Согди облусунун чек арасындагы Исфара — Кожент жолунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Бул боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөштү. Анда Суваналиев жол кыргыз-тажик чек арасында жайгашкандыгын, жолдун так ортосунан мамлекеттик чек ара сызыгы өткөндүгүн айткан. Жолдун сол тарабы Кыргызстанга, оң тарабы Тажикстанга таандык экенин, Кыргызстан жолдун сол тарабындагы оңдоп-түзөө жумуштарын өзү жасай турганын жана биз (Кыргызстан – ред.) тараптын оңдоо иштерин токтотууну талап кылды. Учурда жолдун оңдоп-түзөө иштери токтоду", — деп билдиришти.

Өкүлчүлүктөн учурда бул аймакта Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап турарын билдиришти.

Исфара — Кожент жолунун боюнда Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2 айылдары жайгашкан.


 

19:12 03.05.2021

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын бөлүп турган трассаны тажикстандык жолчулар оңдоп жатышат. Бул тууралуу окуя болгон жерден жергиликтүү тургундар Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

 Жол өрттөлгөн күйүүчү май куюучу станциялардын жанынан өтөт. Трассанын боюнда Кыргызстандын Арка-1 жана Арка-2 айылдары жайгашкан. Жергиликтүү тургундар жол тажик тарапка өтүп кетти деп чочулоодо. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү бул маалыматты тактап жатат.

 

17:25 03.05.2021

Баткен облусу боюнча:

107 турак үй;
Эки мектеп;
Бир ФАП;
Бир бала бакча;

10 май куюучу жай (АЗС);
Сегиз дүкөн;
Төрт соода түйүнү;
Төрт социалдык объект;
Беш башка мамлекеттик имараттар.


Баткен району боюнча:

32 турак үй;
Эки мектеп;
Бир бала бакча;
Бир ФАП;
Үч башка мамлекеттик имараттар.
Лейлек району боюнча:

75 турак үй;
10 май куюучу жай (АЗС);
Сегиз дүкөн;
Төрт соода түйүнү;
Төрт социалдык объект;
Эки башка мамлекеттик имараттар.


 

17:14 03.05.2021
Последствия конфликта с Таджикистаном в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920
Чек ара жаңжалынан Тажикстан кандай чыгымга учураганы айтылды
13:35 03.05.2021

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта документтери жок кылынган жарандарга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Аталган милдеттерди ыкчам чечүү, кырдаалды жөнгө салуу максатында президенттин тапшырмасы боюнча жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат", — деди премьер-министр.


Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөрү айтылды.

 

13:34 03.05.2021

Бул кабарды Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктады. Окуянын 29-апрелде саат кечки жетиден өткөндөн кийин болгондугун кабарланды. 

Кечир бизди, наристе 🌱 Дагы бир периштебиз, келечектеги бир уй булонун ээси болчу наристе учуп кетиптир. 29.04.21 саат...

Опубликовано Барчын Амановой Воскресенье, 2 мая 2021 г.
13:17 03.05.2021

51 жаштагы чоң энеси Феруза Атакулова жалгыз бой эне. Ал үч уул, бир кызын жалгыз тарбиялап өстүргөн. Россиянын ар кайсы шаарларында ашпозчу болуп эмгектенип жүрүп, маңдай тери менен тапкан каражатына жылдап тургузган беш бөлмөлүү үйү бүгүн минтип күлгө айланды. 

 

13:12 03.05.2021

Чек арадагы тажик аскерлеринин аткылоосунан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган. Учурда аларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын облустук админстрациядан билдиришти. 

11:53 03.05.2021
11:24 03.05.2021

Бул маалыматты Баткенде жүргөн кабарчыбыз Баткен облустук милициянын маалымат кызматы тастыктагандыгын айтып, кабарлады. Чек арадагы тажик аскерлеринин аткылоосунан жабыркагандардын ичинен дагы бир адам каза тапты.

Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Солтонкулова да тастыктады.  

"Айылдыктар келгенде аны мештин жанында жатканын көрүшкөн", — деп билдирди кабарчыбыз.

Күйгөн сөөк ушул сүрөттөгү үйдүн ичинен табылган. 

Последствия конфликта с Таджикистаном в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан
11:13 03.05.2021

Үч кишиден сырткары дагы үч бейтаптын абалы оор экенин Солтонкулова билдирди. Ал чек арада жабыркагандар үчүн 500 киши өз ыктыяры менен кан бергенин кошумчалады. 

11:10 03.05.2021

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Кечээки маалыматта  178 киши жарадар болгону айтылган. Бүгүн ага 5 киши кошулду. 

 

 

10:52 03.05.2021

Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандар үчүн керек болгон дары-дармектер менен тиешелүү каражаттар жетиштүү.

Ал эми Бишкек шаарындагы 16 дарылоо жайынан дары-дармектер менен медициналык каражаттар жабыркагандарды дарылап жаткан ооруканалар үчүн чогултулду. Бул маалыматтарды Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги берди. 

Аскердик кагылышууларда жарадар болгондор мамлекеттин эсебинен ар дайым бекер дарыланат.

10:18 03.05.2021
Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео - Sputnik Кыргызстан, 1920
Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео
10:08 03.05.2021

Чек ара кызматынын саат 9:30ка карата маалыматы боюнча кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч.

Түндө атышуулар же чатак байкалган жок. Чек арачылар кыргыз-тажик чек арасын бойлоп, коопсуздукка көз салып чыкты.

Курамында Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун офицерлери кирген биргелешкен комиссиясы кошумча күчтөр жана каражаттар тартылган аймактарды кыдырып, карап чыгуу ишерин улантты.

Бул маалыматты Чек ара кызматы таратты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0