00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Особый акцент
Любой с доверенностью мог прийти в суд вместо вас — почему Кыргызстан ужесточает требования к юридическим представителям
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Кыргыз улуттук кийим маданиятын өнүктүрүүгө жана сактоого салымы чоң — Айдай Асангулова
19:07
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Хроническая конфликтность - Кубат Рахимов о новом мировом порядке без правил
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана жаштар: Кыргызстанды кимдер дүйнөгө таанытат?
21:08
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео

Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталып, төрт күндөн кийин басылды. Лейлек районунун Максат айылына тажикстандыктар 29-апрелде кирген. Жашоочулар жарым саат мурун качып чыгууга үлгүргөн.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары бүлүнүп, өрттөлүп, тонолуп ээн калган Максат айылынын азыркы көрүнүшүн тартып, жашоочулардын муң-зарын угуп келди.
Тургундар кайтып келип күлгө айланган турак жайын тиктеп отуруп калышты. Кээ биринин үйүн өрттөп гана тим болбой, дубалын түрттүрүп тегиздеп салышкан.
Тажик тараптын чабуулунан социалдык объектилер да талкаланган. Сегиз жыл мурун жаңы салынган Максат орто мектеби жарактан чыгып, ал жерден миномёттун октору табылды.
Бала бакчаны да өрттөп жиберишкен, фельдшердик-акушердик пунктунун, милиция бөлүмүнүн төрт дубалы гана калган.
Айыл тургуну Абдыкул Байзаков 10 жыл Россияда иштеп жүрүп там салган. Ал кол салгандар үйүн өрттөп, короосундагы малын, “Жигули” унаасын алып кеткенин айтат. Учурда анын эч бир мал-мүлкү калган эмес.
“Айыл башчыбыз “тез арада чыкпасаңар болбойт” деп WhatsApp тайпадан жөнөттү. Дароо бала-чаканы алып качтык, кийимдерди дагы албаптырбыз. Максат айылынын эңкейишине жеткенде чабуул башталды. Үйүм толугу менен күйүп кетиптир. Бизге үйдөн дагы биринчи кезекте чек арага зым тор тартып бериңиздер. Бул жерде жашоого болбой калды. Ушуну менен экинчи ирет качышыбыз”, — деди Байзаков.
Арка айылынын тургуну Гүлайым Добутова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Арка айылынын тургуну Гүлайым: бир сутка талаада жаттык, кошуна эжем каза тапты
Биринчи вице-премьер Артем Новиков айылдагы бардык үйлөр, социалдык объектилер сентябрь айына чейин толугу менен калыбына келтирилерин убадалады.
Максат айылында 200дөй түтүн жашайт, 60тан ашуун үй күйгөн. Жолдун сол тарабында Тажикстандын, оң тарабында Кыргызстандын айылы жайгашкан. Ортосуна зым тартылып бөлүнгөн эмес.
Жалпы жонунан кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 70 талаштуу аймактын тагдырын чече албай келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0