Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам...

Жазылуу
КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин “Кечирип кой” аттуу ырын ырдап жылдызы жанган Байзак Кубанычбек уулун коомчулук жылуу кабыл алууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигине Байзак Кубанычбек уулу менен бирге анын устаты катары жол көрсөтүүнү колго алган белгилүү ырчы Кенже Көбөкова мейманда болду. Байзак учурда вокалдан сабак алууда.
— Байзак, үнүңө баракелде! Бишкекке келгенден бери кандай сезимде болуп жатасың? Борборго Жумгалдан кандайча келип калдың? 
Байзак Кубанычбек уулу: — Абдан толкунданып жатам. Алгач “Замана” телестудиясынын чакыруусу менен келгем. Андан кийин студиядан Сыймык Бейшекеевге жолуктурушту. Келгенден бери күндө ар кыл телеберүүлөргө маек берип жатабыз. Таланттуу ырчы эже-байкелер да жардам берип жатышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБайзак учурда вокалдан сабак алууда
Кыргызская певица Кенже Кобокова и юный певец Байзак Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Байзак учурда вокалдан сабак алууда
— Буга чейинки маектериңде беш жашыңдан бери ырдап келериңди айттың эле. Ырларды кантип жаттачу элең?
Б.К.: — Мен негизи телевизордон көрүп отуруп же телефондон угуп алып эле тез жаттап алам. Азыр деле ошентем. Мектептен келгенде атама мал жайлашып жардам берем. Анан тоого чыгып алып, жаратылыш койнунда ырдаганды жакшы көрөм.
— Үйдө дагы кимдир ырдайт? Канча бир туугансың?
Б.К. — Төрт агам жана эжем бар. Бирок алар көп деле ырдашпайт. Апамдын айтуусунда, таенем тарапта жакшы ырдагандар болгон экен. Ошондой эле атамдын туугандарынын арасында да той-топурда ырдап жүргөн туугандарыбыз бар. Бирок эч кимиси ырчылык кесипти тандап алып, чоң сахнага чыккан эмес.
— Сыймык Бейшекеев, Кенже Көбөкова баштаган таланттуу эже-агаларыңа жолуктуң. Өзүңө кандай акыл-кеңештерди ала алдың?
Б.К.: — Чынын айтсам, алгач аябай толкунданып, сүйүндүм. Сыймык Бейшекеев агабыз мага чакан белегин тапшырып, акыл-насаатын айтты. Келечекте колдоп жардам берерин убадалап, төрт ыр жаздырып бермей болду. Кенже эжем (Көбөкова — ред.) да комуз үйрөтүп жатат. Жакында Замирбек Үсөнбаевдин калемине таандык “Кечирип кой” аттуу ырды кайрадан дуэт кылып ырдап чыксакпы деп жатабыз. Ага-эжелерге ыраазымын, өздөрүнүн балдарындай камкордукка алып “муздак ичпе", "үнүңдү сакта” деп жакшы кеңештерин да беришүүдө. 
© Sputnik / Табылды КадырбековБайзак Кубанычбек уулу 8-класстын окуучусу
Юный певец Байзак Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Байзак Кубанычбек уулу 8-класстын окуучусу
— Кенже айым, Байзактын ырдаганын угуп, талантына, үнүнө кандай баа бердиңиз?
К.К. — Байзакта Кудай берген талант бар. Жаш болсо да белгилүү инсан Замирбек Үсөнбаевдин “Кечирип кой” деген ырын тандап алып ырдап, таанылып жатат. Ал киши биздин устат болчу. Агайлар бизге салттуу музыканы даңазалоону үйрөткөн. Аны кийинки муунга жайылтуу биздин көкүрөгүбүздө сакталуу. Батышты туураган ырлар басымдуу болуп бара жаткан мезгилде Байзактай жаш муун салттуу музыкага, салмактуу ырларга басым жасаганы кубантат. Калың элге жакшы кабыл алынып жатканынын да себеби ушул. Сыймык (Бейшекеев — ред.) байкебиз баш болуп ушундай балдарыбызды, таланттарды бапестеп алалы деп жатабыз. Байзак каңылжарга салып, көмөкөй менен ырдайт. Илгертен кыргызда вокал деген сабак өтүлгөн эмес да. Биздин Токтогул атабыз баштаган Мыскал апабызга чейинки залкарлар ушул көмөкөй менен ырдашкан.
— Алдыда кандай жардам көрсөтөлү деп жатасыздар?
К.К.: — Азыр комузду жакшылап үйрөтөйүн деп жатам. Буюрса, мындан ары байланышта болуп турабыз. Азыр ар кандай эл аралык фестивалдар да көп болот эмеспи. Интернеттен жеке баракчама кайрылып, Байзакты ошондой бир фестивалга катышууга чакырып жатышат. Фестиваль ушул жылдын 4-8-мартында өтөт экен. Ушул он бир мамлекетке чейин катыша турган фестивалга даярдык көрүп баштадык. Ушундай сынактарга колдон келишинче жакшы даярдап катыштырып алсак, андан аркы пландарыбыз да алдыда.
© Sputnik / Табылды КадырбековКенже Көбөкова: Байзактын музыкалык аспапты үйрөнүүгө далалаты абдан күч экен. Үйрөткөнүңдү бат эле илип кетип жатат
Кыргызская певица Кенже Кобокова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кенже Көбөкова: Байзактын музыкалык аспапты үйрөнүүгө далалаты абдан күч экен. Үйрөткөнүңдү бат эле илип кетип жатат
— Борборго алып келип музыкалык мектептерде окутууну көздөгөн жоксуздарбы?
К.К.: — Учурда мектепте өзүнүн окуусу болгондуктан жакын арада айылга кеткени жатат. Азыр 8-класста окуйт. Эми ата-энеси менен сүйлөшүп, 9-классты аяктагандан кийин борбордогу музыкалык мектепке алып келсекпи деп жатабыз. Мүмкүн 11-классты бүткөндө келер. Аны азыр так айта албайм. Бирок жайында эс алууга чыкканда шаарга үйүмө алып келип, өзүм тарбиялайм. Азыр үнүн туура коюуга аракет жасап жатабыз. Апасы да мектепте мугалим болгондуктан абдан түшүнүктүү адам экен. Байзактын атасы менен апасы экөө тең баласынын келечегине, талантына кайдыгер эмес. Тескерисинче, бизге кайрылып, булактын көзүн ачуу үчүн кеп-кеңештерди да сурап жатышат.
— Байзак, келечегиңди кандай элестетип жатасың?
Б.К.: — 9унчу же 11-классты аяктап келип, борбордон музыка жаатында билим алам. Азыр консерваториягабы же Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга барамбы, билбейм. Сүйлөшүп жатабыз. Негизи Жумгалдын борбору Чаекте Чынара Дүйшеева атындагы музыкалык мектеп бар. Ошол жерде үч жылдан бери вокалдан сабак алып келе жатам. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКенже Көбөкова: Байзактын атасы менен апасы экөө тең баласынын келечегине, талантына кайдыгер эмес
Кыргызская певица Кенже Кобокова и юный певец Байзак Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кенже Көбөкова: Байзактын атасы менен апасы экөө тең баласынын келечегине, талантына кайдыгер эмес
— Кайсы аспаптарда ойной аласың?
Б.К.: — Комузду жаңыдан үйрөнүп жатам. Мындан тышкары, аккордеондо ойногонду үйрөнгүм келет. Кызыгам. Үйрөткөн адам болсо бат эле үйрөнүп кетмекмин.
К.К.: — Негизи Байзактын музыкалык аспапты үйрөнүүгө далалаты абдан күч экен. Үйрөткөнүңдү бат эле илип кетип жатат. Андан тышкары, вокалга баргандыктан аз-маз болсо да үндү койгонду билет. Башкача айтканда, күчкө салып кыйкырып ырдабайт. Ошентсе да кемчиликтер бар. Азыр  үнүнүн тембрин байкап, музыкалык аспапка салып жакшы ырдоону өздөштүрүшүбүз зарыл.
— Байзак, ким болсом дейсиң?
— Ырчы эле болгум келет. Мен жеңил-желпи эстрадалык ырларды ырдоону жактырбайм. Көбүнчө эски ырларды ырдаган жагат.
Жаңылыктар түрмөгү
0