АКШдагы митингге чыккан кыргыз жигит. Сүрөттүн чын-төгүнү аныкталды

© Sputnik / Артур ГабдрахмановКапитолийдеги башаламандыктын катышуучулары
Капитолийдеги башаламандыктын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкадагы башаламандыкка чыкты деген кыргыздын сүрөтү социалдык тармакка желдей тарап, айрымдары ишенүү менен бөлүшсө, кээ бирлери тамаша менен карап жатышат.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бүгүн социалдык тармактарда Американын баш калаасы Вашингтондогу нааразычылыкка чыкты деген кыргызстандыктын сүрөтү тарап кетти.
Кадрдан Капитолий имаратында турган бир нече адамды, алардын каптал жагында азиат тектүү кишинин Кыргызстандагы компаниялардын бири чыгарган улуттук стилдеги спорттук костюмду кийип турганын көрүүгө болот.
Бул сүрөт социалдык тармакка желдей тарап, айрымдары ишенүү менен бөлүшсө, кээ бирлери тамаша менен карап жатышат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кадрды Google аркылуу текшерди. Шилтеме аркылуу Youtube-каналга киргенибизде жогорудагы сүрөттүн түп нускасы чыкты.
Видеонун орто ченинде (28-секундасында) сүрөт толугу менен көрсөтүлүп, анда "кыргыз" жок экени таасын байкалат. Мындайча айтканда, сүрөт фейк болуп чыкты.
Канжалаган аял, полиция менен кагылышкан Трамптын тарапташтары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Канжалаган аял, полиция менен кагылышкан Трамптын тарапташтары. Видео
Бул сүрөттүн жалган экенин башка колдонуучулар да билип алганын белгилей кетели. Посттордун бириндеги комментарийге кадрдын түп нускасы жүктөлгөн.
Шаршемби күнү Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0