Айлыгы көп кесиптен баш тартып... Бишкектик ишкердин усталык чыйыры

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеке иштер, жыгач уста Илан Атабаев
Жеке иштер, жыгач уста Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илан Атабаев жакшы окуу жайлардын биринде келечектүү адистикти өздөштүргөн, ал программист болууга камынган. Маянасы жогору болгону менен бул адистикке жакын эместигин дал убагында түшүнгөн.
Азыр Кыргызстанда IT-адистердин маянасы жогору, жакшы адис айына бир нече миң доллар таап коет. Бишкектик Илан Атабаевдин деле жолу белгилүүдөй  көрүнгөн. Айтылуу №61 мектепти аяктап, белгилүү окуу жайда программалоо боюнча билим алган. Бирок башка нукка бурулуп, кол эмгегин тандап алган.
Ушул тапта Иландын устаканасында жыгач жана эпоксиддик чайырдан өзгөчө столдор жасалат. Кыйла кымбаттыгына карабай аларга талап төмөндөбөйт. "Бизде бардык буюртмаларды аткарууга жумушчу жетишпейт", — дейт уста.
— Бишкекте №61 мектепте окуган экенсиз. Белгилүү россиялык университеттин окутуучусу менен сүйлөшкөнүмдө дал ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүн издешерин, ушунчалык жакшы окутушарын моюнга алган.
— Чынын айтсам, аябай кыйналчумун сабактардан, мектептеги соңку жылдары араң-араң чыдагам. Андан кийин Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырып, IT-факультетинде бир жыл окуп, бул багыттан алыс экенимди түшүнгөм.
Ошондо Кыргыз-Россия Славян университетине которулуп, экономика жана ишкананы башкаруу жаатында билим алдым. Бул мага алда канча пайдалуудай туюлду.
© Sputnik / Табылды КадырбековИлан Атабаев жакшы окуу жайлардын биринде келечектүү адистикти өздөштүргөн, ал программист болууга камынган.
Предприниматель Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Илан Атабаев жакшы окуу жайлардын биринде келечектүү адистикти өздөштүргөн, ал программист болууга камынган.
— Менимче, экономистке караганда програмисттик адистиги бар кишиге жумуш оңой табылса керек. Сиз алып чыккан адистиктегилердин ишке кириши тозок го.
— Дегеле азыр университеттен кийин дароо иш таап кете ала турган кесиптер анчалык көп эмес. Эки-үч жерге жумушка орношууга, иштөөгө аракет кылдым, бирок бирөөнүн кол алдында иштөө мага анчалык жакпайт. Биз досторубуз менен жеке бизнес түптөгүбүз келген, бирок баштасак эле кайра артка кетип жаттык.
— Кол эмгеги менен кандайча алектене баштадыңыз?
— Биздин үйдө устакана бар эле, атам, чоң атам кол эмгегине жакын. Атам бир жолу темир устачылык жабдууларын алып келди, ошентип көркөм согуп-сомдоого кызыгып калдым. Бир жолу селкинчек жасоону чечтим. Ошондо хоббини бизнеске айлантууга болорун түшүнгөм. Аны жасоого беш күндөй кетти. Бул бүктөлмө, жүзүм сабындай кооздолуп, согуп-сомдолгон селкинчек эле. Жасап коюп, иштер менен кеткем. Чоң апама кошуналар кирип калат, селкинчекти көрүп канчага сатарымды сурашыптыр. Чоң апам телефон чалып сураганда тамашалап жатат го деп, мен да "30 миң" деп койгом. Анча акчага ким селкинчек алсын дегем. Үйгө келгенимде селкинчекти көрө албадым, бирок колума акча тийди. Материалына 10 миң сомдой кеткен.
Ошентип акча табууга болорун түшүндүм. Алгачкы кардарларым – коңшулар жана тааныштар. Биринен бири угуп жатып, акырындап буюртмачылардын саны арбыган.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйтылуу №61 мектепти аяктап, белгилүү окуу жайда программалоо боюнча билим алган. Бирок башка нукка бурулуп, кол эмгегин тандап алган.
Предприниматель Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Айтылуу №61 мектепти аяктап, белгилүү окуу жайда программалоо боюнча билим алган. Бирок башка нукка бурулуп, кол эмгегин тандап алган.
— Эпоксиддик чайырдан буюм жасоого кантип кызыгып калдыңыз?
— Үч жыл мурун "Инстаграмдан" көрүп калдым, ошол сыяктуу бир нерсе жасагым келген. Интернеттен издедим, бирок түзүгүрөөк деле маалымат таппадым. Биздеги жыгач устаканалардын бир нечесин кыдырдым, андай технологияны алар деле укпаптыр. Ошондо өз алдымча окууга кириштим, ар кыл өлкөлөрдөн эпоксиддик чайырга буюртма берип, эксперимент жасап көрдүм. Үйрөнөм деп 100 литрдей чайырды буздум.
— 100 литр жараксыз чайыр, бул кымбат эмеспи?
— Ооба, ар бир литри миң сомдун тегерегинде. Анан да мен Россиядан кымбатын – литри 1400 сомдон, андан арзаныраагын Кытайдан алдырчумун. Бирок кытайлар менен көйгөйлүү болду, биз англисче кат жазышабыз, алар гугл-котормочу сервисин колдонушкан көрүнөт. Натыйжада биз бири-бирибизди түшүнүшпөй, мага керегинен башкасын жөнөтүп салышкан. Азыр биз жакшы жеткирүүчүнү Россиядан таап алганбыз.
— Бизнесте чоң чыгым тарткан учуруңуз болдубу?
— Бир жолу чайырды ташып келүүдөн 4 миң сомго үнөмдөйм деп дурусураак компаниянын ордуна товар сатуучуга төлөгөм. Фура жолдо кырсыкка учурап, менин чайырым да бузулуп, 50 миң сомдой чыгым болдум. Азыр андай катачылыктарга жол бербейм, расмий жеткирүү кызматына буюртма кылам, камсыздандыруусун төлөйм. Бир нече миңди үнөмдөйм деп чоң сумманы жоготкум жок.
© Фото / предоставлено Иланом АтабаевымУшул тапта Иландын устаканасында жыгач жана эпоксиддик чайырдан өзгөчө столдор жасалат.
Предприниматель Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Ушул тапта Иландын устаканасында жыгач жана эпоксиддик чайырдан өзгөчө столдор жасалат.
— Дегеле эпоксиддик чайыр деген эмне?
— Бул эң алгач ваннанын эмалын жаңыртуу үчүн жасалыптыр, бирок модадагы көрүнүштөрдүн таасири менен аны чыгармачылык үчүн колдоно башташкан. Дарактын чайырына тиешеси жоктугуна карабай, бул уулуу зат эмес. Биз эч кандай респиратор жана коргонуу каражаттарын колдонбойбуз. Бул – тамакка түз тийсе да зыяндуу болбогонун тастыктоочу сертификатка ээ заманбап материал.
— Бул каражат менен иштөө оорбу?
Бишкекте жашаган Эстониялык Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан
Эстониядан Кыргызстанга көчүп келгениме өкүнбөйм. Чет өлкөлүк кыздын маеги
— Ооба, бул материалдын көп татаалдыктары бар. Айрымдар буюмдун эмнеге мынчалык кымбат турарын түшүнүшпөйт, бирок чындыгында мунун нюанстары көп. Эгер технология бир аз эле бурмаланса, чайыр катыбай калат, саргарып же карарып кетет. Ал бардык жылчыкка оңой эле агып кетиши мүмкүн. Иш жасалган жайга да өзүнчө талаптар бар. Мисалы, чаң болбошу керек, белгилүү бир температура жана нымдуулукту сактоо зарыл.
— Даяр стол канча турат?
— Биздин эмгектер кымбат буюмдарга кирет. 8 кишилик столдун орточо баасы 1000 доллардын тегерегинде. Ушул баанын ичине жеткирип, орнотуп берүү кирет. Ооба, бул – жыгач таарындыларынан жасалган эмерекке караганда кымбатыраак, бирок зыянсыз, табигый жана кооз буюм.
© Sputnik / Табылды КадырбековАтабаев: биздин эмгектер кымбат буюмдарга кирет. 8 кишилик столдун орточо баасы 1000 доллардын тегерегинде
Предприниматель Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Атабаев: биздин эмгектер кымбат буюмдарга кирет. 8 кишилик столдун орточо баасы 1000 доллардын тегерегинде
— Сиздер жыгачты кайдан аласыздар? Билишимче, Кыргызстанда өндүрүлбөйт.
— Бизде бактар кыйылат, бирок чоң көлөмдө эмес. Биз курулушка жолтоо болгон авариялык бак-дарактарды пайдаланабыз. Колдонулган материалдардын 99 пайызы жергиликтүү.
Мисалы, Кыргызстанда абдан кооз кара жыгач өсөт, аны карагай, кайың деп да коюшат. Аны Россияга ушундай эле стол жасоого алып кетишет.
— Сиздер жасаган буюмдар Кыргызстанда кеңири тараганбы?
— Андай дебес элем, анткени калкыбыздын өзүнчө табити бар. Кыргызстандыктар түркиялык сериалдардагыдай алтын түстөгүлөрдү жактырат. Бирок акырындап мода өзгөрүп, биздин буюмдарга да талап өсүүдө.
— Эмерек жаатын жакшы билесиз да, Кыргызстанда сатылып жаткандардын сапаты кандай?
— Бизде ар түркүн эмерек бар. Эгер кытай соода борборуна барсаңыз, эң арзан, бирок сапаты жаманын табасыз. Жарым жыл өтпөй сынып калган эмеректерди алып келип, оңдоп берүүнү суранышат. Бирок ремонту жаңысынын 70 пайызына тете. Кымбат дүкөндөрдө баа жогору, анткен менен сапаты жакшыраак.
© Фото / предоставлено Иланом АтабаевымАтабаев: Кыргызстандыктар түркиялык сериалдардагыдай алтын түстөгүлөрдү жактырат
Предприниматель Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Атабаев: Кыргызстандыктар түркиялык сериалдардагыдай алтын түстөгүлөрдү жактырат
— Баары үнөмдөгүсү келет, бирок  кымбат эмерек сатып алууга баарынын эле чама-чаркы чак келе бербейт. "Баа – сапат" багытында кандай кеңеш берер элеңиз?
— Менимче, жергиликтүү усталарга кайрылган оң. Алар аздыр-көптүр чөнтөккө төп бааны сурашат. Ошону менен бирге эле абийирсиздеринен этият болуу зарыл, андайлар да аз эмес. Акчасын алып, өз мөөнөтүндө бүтүрбөй, өлчөмү туура эмес же сапатсыз жасап койгондор болот. Мындай учурлар толтура!
— Бул тармакта иштеген киши канча табат? Жумушчуларды оңой эле табасызбы?
— Иштөөгө даяр балдарды табыш чындап эле кыйын. Биздин жаштардын көйгөйү – баары сөзсүз университетке тапшыргысы келгендеринде, анан беш жыл окуп, диплом көтөрүп, жумушсуз калууда...
Бут кийим оңдоочу жайдын ээси Хабибулло Азизулло - Sputnik Кыргызстан
Өтүкчү Азизулло: ыргытчудай болуп калган чокойду жаңыртып коебуз
Юридикалык же экономикалык адистикке окуган жигиттерге караганда, ширетүүчүлөр менен усталарга дайым талап күч! Престиждин артынан түшүүнүн кереги эмне?
Бизде маяна – 20 миң сом. Кыйыр киреше, кошумча иштер да бар, кийин усталар үчүн пайыздар да каралат. Бул татыктуу эмгек акы деп эсептейм, себеби өзүм кеңседе да, мамлекеттик кызматта да иштеп көргөм. Ал жакта айлык кыйла төмөн. Азыр менде үч киши иштейт, бирок улам жумушчу издейм. Иш жетишерлик, иш жүгү чоң, усталар жетишпегендиктен кардарлар үчүн мөөнөттү созууга туура келет.
— Товарыңызды кантип сатасыз?
— Негизинен Инстаграм аркылуу, анан да кардарлар бири-биринен угат. Жакында эмерек салондору менен аларда да жайгаштыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп көрдүк, бирок алардын комиссиясы жана коштолчу чыгымдарын эсептегенден кийинки баа керектөөчүлөр үчүн ого эле кымбатка чыгат экен.
Менимче, өзүбүздүн эле фирмалык бутиктерде койгон оң, алардын алгачкысын быйыл ачууну пландагам. Анан да Ош жана Алматыда да шоурумдарды ачуу планымда бар. Чет өлкөлүк, негизинен Казакстан жана Россиядагы кардарлардан көп буюртма алабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековАтабаев: Эгер кытай соода борборуна барсаңыз, эң арзан, бирок сапаты жаманын эмеректи табасыз
Предприниматель Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Атабаев: Эгер кытай соода борборуна барсаңыз, эң арзан, бирок сапаты жаманын эмеректи табасыз
— Коронавирус жана Кыргызстандагы саясий каатчылык сиздин бизнеске катуу таасир эткен жокпу?
— Менимче, бизде дарыкана менен супермаркеттерден башкасынын баары эле зыян тартты. Сатып алуучулук жөндөм төмөндөдү, чек аралар жабылды. Казакстандык кардарлар менен иштөө кыйындады. Биринчиден, жеткирүү татаал, экинчиден, алар Бишкекке келип, эмеректи өз көзү менен көрө албай калышты, кантсе да ал арзан буюм эмес.
— Азыр бийлик бизнеске кантип көмөктөшсөк деп баш катырууда. Сиз кандай кеңеш берер элеңиз?
— Салыктарды азайтып, салык системасын жеңилдетиш керек. Бизнестин жүрүп кетиши жалпы экономикалык кырдаалга жараша болот. Көмөктөшүү чаралары туурасында айта турган болсом, үч ай иш токтоп турду, эч ким ижара акысын арзандатып же салыктардан бошоткон жок. Мамлекет бир аз жардам берип койсо болмок.
— Программист болбой калганыңызга өкүнбөйсүзбү? Себеби азыр эң жогорку маяналуу кесип эмеспи.
— Жок. Алдыңкы программист саатына 100 доллардан алары бышык. Бирок бизнести да киреше чектелбегидей өнүктүрүүгө болот эмеспи. Өз кадамдарыма эч өкүнбөйм.
Жаңылыктар түрмөгү
0