УКМК: "Кыргыз темир жолунун" Түштүк филиалынын мурдагы башчысы камалды

© Sputnik / Эмиль Садыров"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишкананын имараты. Архив
Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишкананын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ишкананын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары жеке ишканалар менен сүйлөшүп алып коррупциялык схема түзүшкөнү айтылды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу "улуттук компаниясы" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө жана жүргүзүүдөгү кезектеги коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышкан.

"Мекеменин мурдагы жетекчиси Ю.Б.К. Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп, натыйжада жеке мамлекеттик сатып алуулар үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашты", — дешти УКМКдан.

2020-жылдын 14-декабрында көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ю.Б.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0