Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды

© Фото / пресс-служба правительства КРСоциалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив
Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирсалиев кол алдындагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелип, 19-ноябрда кармалган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевдин баш коргоо чарасын тандады.

Маалыматка ылайык, Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына 17-январга чейин камалды. Соттун мындай чечими 20-ноябрда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Соцфонддун төрагасын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 19-ноябрда кармаган. Ирсалиев кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелүүдө. Анын алдында ушундай эле айыптоо менен Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев да кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0