БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун айрым бөлүмдөрү убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Республикалык штаб оорукананын директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиевага таянып кабарлады.
Анын айтымында, оорукананын №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 бөлүмдөрү, чоң адамдардын гематология жана онкология, анестезиология жана реанимация бөлүмүндө айрым медик жана бейтаптардан коронавирус аныкталган. Мындан улам карантинге жабылды.
Дарыгер коронавируска кабылган балдарды дарылоонун өзгөчөлүктөрүн айтты
Тез жардамга муктаж болгон бейтаптарды жаткыруу кадимки режимде жүргүзүлө турганы кошумчаланды.
"Бейтаптар химиотерапияны бөлүмдөрдө алууну улантышат. Кайрадан кайрылгандарды бейтапкана кабыл алат. Ал жерде амбулатордук шартта химиотерапия алган бейтаптар дарыланышат. Оор абалдагы бейтаптар азырынча кайрыла элек, кокус келип калса, алар профилдүү бөлүмдөргө жайгаштырылат", — деди Султангазиева.
Ал бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн онкология борборунун ичинде бөлүмдөрдүн орду алмаштырылып жатканын белгиледи.
"Мисалы, балдарды амбулатордук шартта кабыл алуу үчүн №4 корпустун бир бөлүгү, кайра келген балдар үчүн №12 бөлүмдүн бир бөлүгү берилди. Онкогематология бөлүмүнүн 2-кабаты тез жардамга муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн даярдалды", — деди Султангазиева.
Оорукананын бейтапканасы кадимки тартипте иштеп жатканы кошумчаланды.