Банктык картадан акча уурдалса эмне кылуу керек. Кеңештер

© Sputnik / Евгений ОдиноковКиши банктык карта менен колдонуп жатат. Архив
Киши банктык карта менен колдонуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис банктар жүргүзүлгөн ар бир операция боюнча маалымат берип турушу керектигин айтып, эгер кызматкерлер акчаны негизи жок эле кайтаруудан баш тартса, сотко кайрылса болорун билдирди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Банктык картадан же эсептен акча каражаты уурдалып кетсе эмне кылуу керектигин "Прайм" агенттигине Финансы жана инвестицияларды башкаруу академиясынын эксперти Алексей Кричевский айтып берди.

Анын билдиришинче, мындай окуяга кабылган кардар алгач банкка чалып же тиркеме аркылуу операция жүргүзбөгөндүгүн кабарлашы керек.

Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп

"Эң жакшысы картаны блоктоп туруп, жаңысын алууга билдирүү жөнөткөн оң. Андан кийин акчаларды кайтарып алууга арыз жазыңыз. Ал адатта 30 күндүн ичинде каралышы керек. Картаны блоктоп эле тим болбостон алдамчылыкка кабылганыңызды айтыңыз", — деген эксперт.

Кричевский кошумчалагандай, кардар уурулук боюнча бир күндүн ичинде кайрылса жана картанын коопсуздук эрежелерин (ПИН жана CVC-коддор) бузбаса, банк каражатты кайтарып бергенге милдеттүү.

Ошол эле учурда банк жүргүзүлгөн ар бир операция боюнча маалымат берип турушу керек. Эгер кызматкерлер акчаны негизи жок эле кайтаруудан баш тартып жатса, сотко кайрылса болору кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0