00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Синоптиктер күздүн биринчи жумасында аба ырайы кандай болорун айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас районундагы Суусамыр өрөөнү. Архив
Талас районундагы Суусамыр өрөөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер күздүн биринчи жумасы башталары менен өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаай турганын билдирди. 

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында 31-августта жана 1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүзү өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 2-сентябрда күн ачык болот, бирок эртеси бейшембиде жамгыр жаайт.

Чүй, Талас облустары

Дүйшөмбү күнү жана шейшембиде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ал эми күндүзү көпчүлүк жерлерде жамгыр жаай турганы айтылды. Шейшембиде кээ бир аймактарда өткүн өтөт.

Бейшембиде Чүйдүн көпчүлүк аймактарында, Таластын  кээ бир райондоруна жамгыр, тоолорго кар түшүшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

31-августта күндүз жана 1-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бирок күндүзү 1-сентябрда Жалал-Абаддын көп аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаап, бийик тоолорго кар түшүшү күтүлөт.

Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы

2-сентябрда кээ бир райондордо жамгыр, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт.

3-сентябрда Ош менен Жалал-Абаддын көпчүлүк аймактарында, Баткендин кээ бир райондоруна мезгил-мезгили менен жамгыр төгөт. 

Ысык-Көл облусу 

Дүйшөмбүдө кээ бир райондордо өткүн өтүү менен чектелсе, шейшембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт. 

Ал эми шаршемби менен бейшембиде көп аймактарга мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. 

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 31-августта күн ачык болот. Бирок 1-2-сентябрда асманды ала булут каптап, өткүн өтөт, 3-сентябрда  жаан жаайт.

Нарын облусу

Бүгүн түнү кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

31-августта жана 1-2-сентябрларда кээ бир райондордо өткүн болуп, бийик тоолуу райондордо кар түшөрү кабарланды. 

3-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, күн күркүрөп,  бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-августта жана 3-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетери кабарланды.

Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү

Ошондой эле 4-сентябрга карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу боюнча, өлкөдө күн ачык болуп, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Ал эми 5-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок башка аймактарда өткүн өтөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0