Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү

Жазылуу
Сүрөтчү Геннадий Закиров бийик тоодогу Көл-Суу көлүнө барып келген. Анын көз жоосун алган кадрлары менен Sputnik Кыргызстан окурмандар менен бөлүшүүнү чечти.

Көл-Суу (Көл-Тетири деп да аталат) — мөңгүлөрдөн чыккан көл. Суу сактагыч миңдеген жылдар мурда ири жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон. Суу аска-зоолордун ортосундагы чоң жаракада кысылып тургандай элес калтырат. Узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет.

Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу

Көл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан. Кызыгы, Көл-Суу бир убакта "жоголуп" кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып кетет. Кышында бул агын суу тоңуп, жайында көлгө суу кайрадан толот. Жергиликтүү тургундардын байкоолору боюнча, кыш алда канча жылуу болуп, кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат.

Дагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн. Суусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт.

Ошондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсүн ачык көгүш же жашыл кылып өзгөртүп турат.

Кел-Суу — Кыргызстандагы эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда.

Тоо сууларынын керемети. Кыргызстандагы эң кооз 10 жер

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде Көл-Сууга баруу үчүн Бишкектеги Мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат кагаз алыш керек. Көл борбор калаадан 460 чакырым алыстыкта турат, ага Бишкек — Нарын — Торугарт жолу аркылуу жетүүгө болот. Андан кийин Кында ашуусу аркылуу Ак-Сай өрөөнүн табуу керек. Көл-Суу саздак жерде болгондуктан, коопсуздук үчүн жолтандабас же атайын унаа менен барган оң.

© Sputnik / Геннадий ЗакировКөл-Суу Кыргызстандагы эң кооз тоо сууларынын бири болуп саналат
Көл-Суу Кыргызстандагы эң кооз тоо сууларынын бири болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
1/16
Көл-Суу Кыргызстандагы эң кооз тоо сууларынын бири болуп саналат
© Фото / Геннадий ЗакировАйрым учурда ал Көл-Тетири деп дагы аталып жүрөт
Айрым учурда ал Көл-Тетири деп дагы аталып жүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/16
Айрым учурда ал Көл-Тетири деп дагы аталып жүрөт
© Фото / Геннадий ЗакировКөл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан.
Көл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан. - Sputnik Кыргызстан
3/16
Көл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан.
© Фото / Геннадий ЗакировСуунун узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга чейин жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет.
Суунун узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга чейин жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет. - Sputnik Кыргызстан
4/16
Суунун узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга чейин жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет.
© Фото / Геннадий ЗакировСуу сактагыч миңдеген жылдар мурда чоң жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон.
Суу сактагыч миңдеген жылдар мурда чоң жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон. - Sputnik Кыргызстан
5/16
Суу сактагыч миңдеген жылдар мурда чоң жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон.
© Фото / Геннадий ЗакировКызыгы Көл-Суу бир убакта "жоголуп" кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып кетет.
Кызыгы Көл-Суу бир убакта жоголуп кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып кетет. - Sputnik Кыргызстан
6/16
Кызыгы Көл-Суу бир убакта "жоголуп" кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып кетет.
© Фото / Геннадий ЗакировЖергиликтүү тургундардын байкоолору боюнча, кыш алда канча жылуу болуп, кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат.
Жергиликтүү тургундардын байкоолору боюнча, кыш алда канча жылуу болуп, кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат. - Sputnik Кыргызстан
7/16
Жергиликтүү тургундардын байкоолору боюнча, кыш алда канча жылуу болуп, кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат.
© Фото / Геннадий ЗакировДагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн.
Дагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн. - Sputnik Кыргызстан
8/16
Дагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн.
© Фото / Геннадий ЗакировСуусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт.
Суусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт. - Sputnik Кыргызстан
9/16
Суусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт.
© Фото / Геннадий ЗакировОшондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсүн ачык көгүш же жашыл кылып өзгөртүп турат.
Ошондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсүн ачык көгүш же жашыл кылып өзгөртүп турат. - Sputnik Кыргызстан
10/16
Ошондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсүн ачык көгүш же жашыл кылып өзгөртүп турат.
© Фото / Геннадий ЗакировКел-Суу — эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда.
Кел-Суу — эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда. - Sputnik Кыргызстан
11/16
Кел-Суу — эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда.
© Фото / Геннадий ЗакировКыргыз-кытай чек арасына жакын жерде Көл-Сууга баруу үчүн Бишкектеги Мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат кагаз алыш керек.
Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде Көл-Сууга баруу үчүн Бишкектеги Мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат кагаз алыш керек. - Sputnik Кыргызстан
12/16
Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде Көл-Сууга баруу үчүн Бишкектеги Мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат кагаз алыш керек.
© Sputnik / Геннадий ЗакировКөл борбор калаадан 460 чакырым алыстыкта турат, ага Бишкек — Нарын — Торугарт жолу аркылуу жетүүгө болот.
Көл борбор калаадан 460 чакырым алыстыкта турат, ага Бишкек — Нарын — Торугарт жолу аркылуу жетүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан
13/16
Көл борбор калаадан 460 чакырым алыстыкта турат, ага Бишкек — Нарын — Торугарт жолу аркылуу жетүүгө болот.
© Фото / Геннадий ЗакировКөл-Суу саздак жерде болгондуктан, коопсуздук үчүн жолтандабас же атайын унаа менен барган оң
Көл-Суу саздак жерде болгондуктан, коопсуздук үчүн жолтандабас же атайын унаа менен барган оң - Sputnik Кыргызстан
14/16
Көл-Суу саздак жерде болгондуктан, коопсуздук үчүн жолтандабас же атайын унаа менен барган оң
© Фото / Геннадий ЗакировАзыркы керемет ирмемдерди фотограф Геннадий Закиров кармаган
Азыркы керемет ирмемдерди фотограф Геннадий Закиров кармаган - Sputnik Кыргызстан
15/16
Азыркы керемет ирмемдерди фотограф Геннадий Закиров кармаган
© Фото / Геннадий ЗакировТоодо жайгашкан көлдөрдүн көбү жер титирөө менен мөңгүдөн улам пайда болгонун белгилей кетели
Тоодо жайгашкан көлдөрдүн көбү жер титирөө менен мөңгүдөн улам пайда болгонун белгилей кетели - Sputnik Кыргызстан
16/16
Тоодо жайгашкан көлдөрдүн көбү жер титирөө менен мөңгүдөн улам пайда болгонун белгилей кетели
Жаңылыктар түрмөгү
0