COVID: Кыргызстанда дагы 503 киши ооруну жуктуруп алды

© AP Photo / Wilfredo LeeМедициналык кызматкер кан үлгүсүн кармат турат. Архив
Медициналык кызматкер кан үлгүсүн кармат турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирус жана ал козгогон пневмония Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда көп катталды. Кийинки орунда Ош облусу турат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 503 кишиден коронавирус инфекциясы табылганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:

  • Бишкек шаарында — 125;
  • Ош шаарында — 51;
  • Чүй облусунда — 28;
  • Ош облусунда — 74;
  • Талас облусунда — 35;
  • Нарын облусунда — 9;
  • Ысык-Көл облусунда — 81;
  • Жалал-Абад облусунда — 53;
  • Баткен облусунда — 47.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 39 162ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0