БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 503 кишиден коронавирус инфекциясы табылганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бир сутка ичинде коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:
- Бишкек шаарында — 125;
- Ош шаарында — 51;
- Чүй облусунда — 28;
- Ош облусунда — 74;
- Талас облусунда — 35;
- Нарын облусунда — 9;
- Ысык-Көл облусунда — 81;
- Жалал-Абад облусунда — 53;
- Баткен облусунда — 47.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 39 162ге жетти.