Коронавирусту дагы 1 131 киши жеңип, айыккандардын саны 24 474кө жетти

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектен Чолпон-Атага кошумча күч катары медицина кызматкерлерин жана россиялык адистерди жөнөттү.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан 1 131 киши айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, коронавирустан Бишкек менен Чүй облусунан көп киши айыккан.

  • Бишкек — 415;
  • Ош шаары — 77;
  • Чүй облусу — 165;
  • Ош облусу — 86;
  • Талас облусу — 42;
  • Нарын облусу — 24;
  • Ысык-Көл облусу — 148;
  • Жалал-Абад облусу — 112;
  • Баткен облусу — 62.

Жалпылап алганда Кыргызстанда коронавирусту 24 474 бейтап жеңип чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0