Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

© AFP 2023 / YURI CORTEZСитуация в Сан-Сальвадоре из-за распространения нового коронавируса
Ситуация в Сан-Сальвадоре из-за распространения нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта өлкөдө пневмония дарты күчөп, андан көз жумгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Биз ушул дартты жеңип чыккан адам менен баарлашып, башынан кечиргени кимдир бирөөгө сабак, жардам болсун дедик.

Буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмония бул коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан. Бирок COVID-19 менен пневмониянын статистикасы эки бөлүнүп берилүүдө.

Учурда коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 847ге жетти. Азыр стационарда 610 бейтап дарыланууда, анын бирөө реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандар 5 068 болду. Бүгүн коронавирустан дагы төрт киши каза таап, жалпы саны 116га жетти.

Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

Ал эми пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 3 829 адамды түзүп, март айынан бери 310 киши каза болду.

Толук аты-жөнүн атагысы келбеген Бишкектин 33 жаштагы Урмат аттуу тургуну — эки тараптуу пневмониядан сакайгандардын бири.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы пневмонияны жеңген жигиттин баштан өткөн азаптуу күндөрү тууралуу маек даярдаган.

— Оорунун белгилери алгач кандайча байкалды?

— 18-июнда эртең менен адаттагыдай эле жумушка кеткем. Жумуштан башым катуу ооруп, алсырап, бир аз дене табым көтөрүлгөндүктөн суранып келдим. Ал күнү үйдө жатып эс алдым. Эртеси да башымдын ооруганы басылган жок. Бирок дене табым 38ден ашкан эмес. Жөтөлбөгөнүм менен шалдырай бердим. Жүрөгүм эле кысылып, дем жетпей туруп алганынан Чүй облустук ооруканага барып көрүнсөм "өпкөң таза, жүрөгүңдү текшерт" деп кетирип жиберди. Эртеси 20-июнда шалдырап, дем жетпей, жүрөгүм кысыла бергенинен аталган ооруканага кайра бардым. Дагы ошол дарыгер экен. Жүрөк ооруга каршы тамчылатма ийне куйдуруп, кайра жолго салып койду. Ошол тамчылатма ийнени алгандан кийин абалым оорлошуп, демим кыстыкканы күчөп кыйналдым. Эртеси күнү дем алыш болгондуктан эч жакка баралган жокмун. Биринчи күнгө чейин үйдө жаттым. 

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБүгүнкү күндө пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 3 829 адамды түзүп, март айынан бери 310 киши каза болду.
Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 3 829 адамды түзүп, март айынан бери 310 киши каза болду.

— 118ге чалган жоксузбу?

— Башында башым чыдатпай ооруп жатканда Тез жардам чакырсак "келе албайбыз, буйрук боюнча бизге барууга болбойт, 118ди чакыргыла" деп койгон. Келинчегим 118ди эртең менен чакырган, алар кечинде келди. ПЦР-анализ тапшыртып, үч күн үйдөн чыкпагыла деп кетишкен. Үйдөн чыкпа десе отура бериптирмин. Анализдин жыйынтыгын деле эч ким чалып айткан жок. Келинчегим бейтапканага чалып, ар кимден сурап жатып "вирус жок" деген жыйынтык укканбыз.

— Бул убактарда дене табыңыз канча болуп жатты?

— Алгач дене табым 38ге жеткен жок. Башында коронавирус деп эч ойлогон деле эмесмин. Ошол убакта элдин баары грипп болуп жаткан. Цитрамон, антигриппин ичип, дене табым түшүп кайра көтөрүлүп эле жатты. Бул дарылар деле көп жардам берген жок.

— Пневмония экени кантип билинди?

— Дем жетпей, дем алуу улам оорлошуп баштаганда шекшип баштадык. Дүйшөмбү күнү эртең менен келинчегим менен ЮРФАга барып ЭКОго жана ЭКГга жүрөгүмдү тарттырып кардиологго кирсек, "жүрөгүңүздө эч кандай өзгөрүү жок" деп, өпкөмдү тарттырып көрүүмдү айтты. Алты саат кезекте туруп, компьютердик томографияга өпкөмдү тарттырсам 80 пайызы жабыркаганы билинип, "эки тараптуу пневмония" деген диагноз коюшту. 

© AP Photo / Sophia SandurskayaБүгүнкү күндө өлкө аймагында күндүзгү стационарлар иштөөдө. Ал жакка оорунун жеңил жана орточо түрүнө чалдыккандар кабыл алынып жатат.
Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө өлкө аймагында күндүзгү стационарлар иштөөдө. Ал жакка оорунун жеңил жана орточо түрүнө чалдыккандар кабыл алынып жатат.

— Алгач чочулоо болсо керек?

— Моралдык сокку алдым окшойт. Ошол дартты угар замат эле абалым дароо начарлап кетти. Дем алуум андан да кыйындаганы сезилди. Анан элестеткиле, ооруп жаткан киши алты саат кезек күтүп турганын. Соо киши деле кыйналат да. ЮРФАдан мага үч күнгө дарылоо курсун жазып берген. Үч күн антибиотик жана тамчылатма ийнелерди алдым. Бирок үч күндөн кийин деле эч кандай өзгөрүү болгон жок. Анан дарыгерлер ошол эле антибиотиктердин дозасын күчөтүп, 7 күндөн 14 күнгө чейинки дарылоо курсун жазып берди. Кызыгы, бул аралыктарда жөтөлгөн жокмун.

— Үйдөн эле дарыландыңызбы?

— Айла жок үйдөн дарыланууга туура келди. Чүй облустук ооруканасынан Улуттук госпиталга жолдомо жазып берген. Барсак орун жок, албай коюшту. Анан тааныш дарыгердин көзөмөлүндө үйдөн дарыландым. Келинчегим карады. ЮРФАда врач компьютертик томографиянын жыйынтыгын карап туруп: "14 күн эч жакка чыкпагыла. Конокко эч кимди чакырбагыла" деген. 14 күн бир курс дарылоодон өткөндөн кийин өзүмө келип, демим кысылганы басаңдады. Табит пайда болуп, тамак ичип калдым. Бирок 14 күн толук эмне болгону эсимде деле жок. Күн менен түн алмашып, жөөлүп, өзүмө келип-келбей жаттым. Ушул күндөрдө мен оору менен эле алышып, жаным менен алек болдум. Келинчегим тияк-биякка сүйрөп жүрүп айыктырды.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

— Дарылануу маалында баарынан эмне кыйын болду?

— Ооруканаларда орун жок албай, үйдөн укол сайдырганга киши таппай кыйналдык. Кезек көп. Дарыканаларда дары табылбайт. Улам жума сайын дарыканада антибиотиктердин баасы кымбаттап, дарылардын табылышы да кыйын болду. Бизде медициналык система чирип калганына күбө болдук. Азыр күндүзгү стационарлар ачылып калып дагы жакшы болду. Башында келинчегим машинанын артына салып алып, ар кайсы оорукананын эшигин каккылап укол сайдырган учур болду. Ооруканада кезегин күтүп туруп эле эсин жоготкондорду көрдүм. Ушундай убакта акчасы, машинасы, таанышы жана медицинадан түшүнүгү жок киши жөн эле өлүп кала турган. Тамчылатма ийнени алганы барганда да бейтаптарга орун жетишпей, кезек күткөндөр толтура. Ооруп жаткандарга кыйын эле да. Айла жоктон ошол жердеги эжелер биз отуруп эле ала береличи деп керебетке эки же үчтөн отуруп алып тамчылатма ийне алып жатышты. Арасында жай ала турган антибиотиктер бар экен. Убакыт жок, аны шашылыш, бир аз тездетип куйгандан жүрөктөрү лакылдап, эсин жоготкондор болду. Мунун баары медиктердин күнөөсү эмес. Кырдаал ушундай түзүлүп калды. Ал убакта күндүзгү стационарлар жок болчу. 

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКоронавирус менен пневмония бир экени айтылганы менен Кыргызстанда эки башка статистика берилүүдө.
Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен пневмония бир экени айтылганы менен Кыргызстанда эки башка статистика берилүүдө.

— Негизи азыр кээ бири пневмонияны коронавирустан бөлүп эки башка оору катары карайт экен...

— Мендеги дартты аныктаган дарыгер медиктердин тили менен өпкөнү "матовый стекло" каптап калганы бул коронавирустун пневмониясы экендигин келинчегиме түшүндүрүп, изоляцияга алынсын дептир. Анын айтымында, биздеги ПЦР-анализдин 45 пайызы вирус жок деп көрсөтүп коёт экен. Ошондуктан пневмониядан абайлагыла. Бул дагы ошол эле коронавирус.

— Үй-бүлөңүзчү?

— Үй-бүлөм деле ооруптур, бирок алардыкы жеңил өттү. Балдарга антигриппин, мурдуларына назоферон тамызып эле жакшы болуптур. Келинчегимдики деле жеңил, кадимки грипптей болду. Мен эле оорураак көтөрдүм. Абалымды дарыгерлер туруктуу оор деп баалаптыр. Үйдө башкалардан обочолонуп, өзүнчө бөлмөдө болдум. Азыр жакшы буюрса. Кээ түндөрү такыр дем ала албай калган учурлар болуп жатты. Ошондо көмкөрөмөн жатканда дем алуу бир аз жеңил болгонун байкадым. 

COVID-19 жуктурган кыргызстандыктардын негизги катасы эмнеде. Эпидемиологдун маеги

— Кандай дарыларды колдондуңуз?

— Левон антибиотигин жазып беришкен. Аны араң таптык. Акырында левондун аналогун эле колдонуп калдык. Дарыканада такыр жок. Цефтриакцион да сайдырдым. Азыр да АЦЦ жана "Гербион" сиробунун сарысын ичип жатам. Негизи врачтын жазып бергени менен дарылануу керек.

Ооруп калсаңар, башкысы, ызы-чууга алдырбагыла. Дарыгердин айтканы менен гана дарылангыла. Өзү билемдикке салып эле уккан-көргөн дары-дармекти иче берүү туура эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0