Жүрөк жылытат. Карыяга акча чогулткандар медиктерге да жардам берди

© REUTERS / David W CernyСитуация в Чехии в связи с коронавирусом
Ситуация в Чехии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалыктын" маалымат катчысы гармонь чертип жан баккан карыянын аспабын уурдап кетишкенин айтып, жаңысын алуу үчүн каражат чогулта баштаган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте кайрымдуу жарандар тарабынан улгайган кишиге гармонь алууга чогулган акча ашыгы менен жыйналды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева бир нече күн мурун калаадагы соода борбордун алдында гармонь чертип, тамак-ашына акча тапкан карыянын музыкалык аспабын уурдап кетишкенин жазган. Активисттер интернет аркылуу 5000 сомго гармонь табышкан. Мындан улам Каракеева акча чогултуп баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жибек Каракеева (@jibek_karakeeva)

Натыйжада кайдыгер эмес адамдардан каражат ашыгы менен түшүп, жалпы суммасы 41 708 сомду түзгөн.

Ал эми Давлет аттуу шаар тургуну өзүнүн гармонун карыяга белек деп Каракеевага берип кеткен. Мындан улам аспапка кошуп ага 5000 сом накталай, 1527 сомго азык-түлүк алып барып беришкен. Калганын 15 медицина кызматкерине 2000 сомдон берип чыгышкан. Ошону менен бирге күндүзгү стационарларга миңден ашуун асма уколдун штативин жасаган "Тазалыктын" кызматкерлерине пицца алып берген.

Аягында 2 571 сом калган, аны медиктердин телефонуна сүйлөшүү үчүн акча сала турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0