COVID-19 жуктурган кыргызстандыктардын негизги катасы эмнеде. Эпидемиологдун маеги

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЭпидемиолог Бакыт Жангазиев
Эпидемиолог Бакыт Жангазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска кабылган кыргызстандыктардын көпчүлүгү кандай ката кетирип жатканын, эгер илдеттин белгилери байкалса эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстандын окурмандарына эпидемиолог Бакыт Жангазиев айтып берди.

Соңку күндөрү бул ооруну жуктургандардын саны кескин көбөйүп барат. Бүгүн, 28-июнда, 235 учур катталды. Кыргызстанда жалпы 4748 киши бул ооруга кабылып, 2242 бейтап сакайган. 47 киши бул илдетти жеңе албай, көз жумган. Бишкектик эпидемиолог Бакыт Жангазиев бейтаптар коронавирус жуктурганын укканда кандай кабылдап жатканын, биздин аймактагы СОVID европадагы коронавирустан айырмаланып-айырмаланбаганын, эгер адам ооруп калса, эмнени таптакыр жасабаш керектигин айтып берди.

— Кыргызстандыктар көбүнесе кайдан жуктуруп жатышат?

— Кыргызстанда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Анан калса, алардын дээрлик жарымынан көбүнүн кайдан, кимден жуктургандарын табыш кыйын. Бирок бүгүнкү күндө кайдан илештиргенин издеп отуруш биринчи кезектеги маселе эмес, башкысы эл арасында вирустун таралышын токтотуп калуу. Ошондуктан эпидемиологдор ошол бейтаптар байланышта болгондордун баарын аныктап чыгууга аракет кылууда. Мында врачтарга күч келүүдө, байланышкан адамдардын аты-жөнүн жашырган бейтаптар бар.

ДССУ: Кыргызстан баш болгон 11 өлкөдөгү абал пандемияны ого бетер күчөтүүдө

— Анда илдет жуктургандарды кантип таап жатышат?

— Өз тажрыйбамдан мисал келтирейин. COVID-19га кабылган бир үй-бүлө бир нече күн бою өз алдынча дарылана берген. Эч биринин акыбалы жакшырбайт, чакырылган мобилдик бригада лабораториялык изилдөөгө материал алып, анализдин жыйынтыгы илдет бар экенин көрсөтөт. Адистер кимдер менен байланышта болгонун тизмелеп берүүнү суранышат. Бирок үй-бүлө мүчөлөрү эч ким менен байланышпаганын айтышат. Ага удаа эле дарыгерлерге башка адамдар кайрылат. Көрсө, жанагы үй-бүлө алар менен тууган чыгат, мурдараак көрүшкөн да экен.

Мындай жүрүм-турумдун себеби мага түшүнүксүз. Коронавирус коом кодулаган "уят" оорулардын катарында эмес. Буга карабастан, бейтаптар тырышып, жашырышат. Эпидемиологдор ооруга чалдыккандарды айтууга көндүрүп, байланышкан адамдардын тизмесин алууга көп убакыт коротууда.

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКоронавирустун ыкчам кан тести
COVID-19 жуктурган кыргызстандыктардын негизги катасы эмнеде. Эпидемиологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун ыкчам кан тести

— "Коронавирус" диагнозун укканда бейтаптар кандай кабыл алып жатышат?

— Көбүнчө нес болуп калышат. Коронавирус жуктурганы аныкталган бейтап айым эсимде. Диагнозун укканда реалдуулуктан четтеп кеткендей болду. Себеби оору бизди да тооруйт деп ойлонбойт эмеспизби. COVID-19га кабылганын доктордун оозунан уккандан кийин бир нече мүнөт үндөгөн жок. Анан кимдер менен байланышкандарын сураганыбызда баарыбызды таң калтыра узун тизме жазып берди. Бейтаптардын баары эле минте бербейт. Көпчүлүгү түнт тартып, кимдер менен байланышкандарын айтуудан баш тартышат.

Бул илдет толук изилденген эмес, өлүмгө тушуктурган учурлар да бар. Баары, алтургай, медиктер да чочулашат. Коронавируска каршы күрөшкө саламаттыкты сактоо тутумунун дээрлик бардык кызматкерлери тартылган. Ошондуктан катардагы жарандарга караганда алардын ооруну жуктуруу тобокели жогору. Врачтардын арасында мен жеке тааныгандардан эле он киши бул дартка чалдыкты.

— Медиктерге кыйынчылык жараткан жагдай эмне?

— Жумуштун өтө көптүгүн, стрессти айтпай эле коёюн, башкадан кеп козгоюн. Ушундай татаал эпидемиологиялык кырдаалда адамдар докторлор туурасында жалган нерселерди ойлоп табышууда. Медициналык кызматкерлер коронавирустан каза болбогон жарандардын документтерин бул илдеттен көз жумгандай кылып толтурууга туугандарын көндүрүп жаткан имиш. Мындай болбогон кепти чыгаргандын оюнда врачтар бул үчүн айлыгына кошумча акы алат экен. Мындай жомокту ойлоп чыгарган киши кооптуубу же элге жайгандарбы, түк түшүнбөйм. COVID-19 боюнча өлүм статистикасы үчүн врачтарга акча төлөнбөйт.

Бишкекте 118 кызматы албаса, башка кимге кайрылса болот? Тизме

Айрымдар коронавирус жок деп танышат. Пандемия дүйнөнүн күчтүүлөрү тарабынан ойлоп табылганын тим эле көбүртүп-жабырта далилдешет. Күн сайын республикалык штаб канча киши жуктуруп, канча адам каза тапканы боюнча маалымат жарыялап турат. Биз үчүн бул жөн эле сандар эмес, статистикага кошулган ар бир учур – жардам сурап кайрылган тирүү киши.

Түшүнүксүз себептерден улам ооругандардын көбү өлүмгө алып келчү чоң катачылыктарды кетирет. Бир киши тумоолоп калып, жөн гана ангина деп ойлоптур. Бир жума өз алдынча дарыланат, анан акыбалы өтө оорлошуп кеткенде врачтарга кайрылат. Ооруканага түшкөндөн бир нече саат өтпөй жан берди, докторлордун колунан эч нерсе келбей калды. Өлүмгө салкын кандуу караш мүмкүн эмес, врачтар ар бир бейтап үчүн санаага батат. Жакындарына алардын атасы, чоң атасы же апасынын жаны үзүлгөнүн угузуу ушунчалык оор. Эгер эки саат гана эрте келгенде жагдай башкача болмок.

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер коронавирустук инфекция менен оруган бейтаптын колун кармап турат
COVID-19 жуктурган кыргызстандыктардын негизги катасы эмнеде. Эпидемиологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Медициналык кызматкер коронавирустук инфекция менен оруган бейтаптын колун кармап турат

— Жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстанда таралган COVID-19 Европада жайылгандагысынан айырмаланарын жазып чыгышты. Туурабы бул?

— Кыргызстанда коронавирустун кайсы түрү чыгып жатканын айтыш үчүн вирустун геномун секвенирлөө, жөнөкөйлөштүрсөк, изилдөө жүргүзүү зарыл. Биз маалыматтарды дүйнөлүк лабораторияларга жөнөтөбүз. Азырынча изилдөөлөр аягына чыга элек, андыктан бул суроого так жообубуз жок.

Европа өлкөлөрүндөгү коронавирустан каза болгондордун санын Кыргызстандагы көрсөткүчкө салыштырсак, биздин аймакта таралып жаткан COVID-19 коопсузураак деп жоромолдоого болот. Бирок баары бир мындай пикирге ишенип тоготпой коюуга болбойт. Эгер бизге коронавирустун өлүм коркунучу азыраак түрү келген болсо, демек, чет өлкөдө жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган түрү деле келип калышы ыктымал.

— Адам тумоолоп калды дейли. Жөн гана суук тийгизип алганын же коронавируска кабылганын кантип билүүгө болот?

— Алигүнчө коронавирустун бирдей мүнөздөгү белгилери жок. Пандемия жаңыдан тарала баштаганда адамдардын дене табын гана өлчөп жатышкан. Азыр бул илдетти аныктоонун эң так жолу эмес экенин түшүнүп отурабыз. Ар бир кишинин организмине вирус ар кандай таасир этүүдө. Айрымдарын COVID-19 алсыратып, жеңил кыңкыстатат. Башкаларын суй жыгылтып, жыт жана даамды сездирбей калып жатат.

Эгер бул белгилердин бирин эле сезсеңиз, коомдон обочолонуп, врачтарга кайрылуу зарыл. Өз алдынча дарыланбаңыздар! Ушул нерсе илдет жуктурган кыргызстандыктардын негизги катачылыгы болууда. Өзүнүн гана тургай, башкалардын да саламаттыгына коркунуч туудуруп жатканын адамдар түшүнбөй жатышат.

Психолог: эми кайрадан үйдөн чыкпай отурууга көнүш керек

— Эгер кадимки сасык тумоого караганда коронавирусту жуктуруу жеңил болсо, баарыбыз бир ооруп чыгабызбы?

— Коронавирус кадимки сасык тумоого салыштырмалуу жугуштуурак экени анык, демек, аны жуктуруп алуу тобокели жогору. Вакцинасы табылганча баарыбыз ооруп чыгышыбыз толук ыктымал. Азыр көрүлүп жаткан чаралар элдин жапырт ооруп калышына жол бербөө үчүн киргизилип жатат. Азырынча кырдаалды жөнгө салууга күчүбүз жетүүдө. Жарандардын дооматтары бар, иштин баары кынтыксыз экенин түшүнүп турам. Бирок пандемия маалында баары медиктерге байланыштуу эмес. Соода борборлору, парктардын жанынан өткөнүмдө топтошкон элди көрүп жатам. Пандемия күч алып турганын алар дегеле укпагандай. Биздин жарандар кечкисин кафеде отурганда врачтар суткалап уктабай, бала-чакасын, аялын, күйөөсүн, ата-энесин, үй бетин көрбөй иштеп, жумушта илдетке да чалдыгууда…

Коронавирус туурасындагы миллиондогон кабарларга карабай, медиктерге кеч кайрылышат. Врачтар кайрылуудан кийин дароо бардык бейтаптарды барып көрүүгө үлгүрбөй калышууда. Саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлери болуп көрбөгөндөй стресске кабылып жатышат. Врачтар "кызыл аймактан" алы да кетип, моралдык жактан да чарчап чыгышат. Эгер бүгүн кечинде досторуңуз менен кафеге баргыңыз келсе, ушул туурасында да бир ойлоп койсоңуз.

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүИш ордунда медициналык кызматкер
COVID-19 жуктурган кыргызстандыктардын негизги катасы эмнеде. Эпидемиологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Иш ордунда медициналык кызматкер

— Пандемия башталганы жашооңуз кандай өзгөрдү?

— Өлкөдө коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча кызуу иштер январдын аягынан тарта башталган. Андан бери, мисалы, жакындарымды туулган күндөрү менен куттуктай албадым. Өзүмдүкүндө да жумушта болдум. Үйгө кийимимди алмаштыруу үчүн гана барып, жубайым даярдаган салатты жеп алып эле кайра ишке жөнөдүм. 7 килограммга арыктадым.

COVID менен күрөшкө тартылган медиктердин турмушу кандай нук алары биздин жарандарга жараша. Эл жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Алардын кырдаалга болгон тартипсиз мамилесинин кесепети, тилекке каршы, көп күттүрбөйт.

Баарына пайда болчу жөнөкөй эле нерселерге жарандарды чакырып кетер элем:

  • аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жерде (айрыкча, коомдук транспортто) бет кап тагыныңыз;
  • эл жык чогулган жерлерге барбаңыз;
  • колуңузду таза кармап, самындап жууп, антисептик пайдаланыңыз;
  • бир белгисин сезсеңиз, жумушка барбаңыз;
  • COVID-19дун алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңештерине кулак салыңыз;
  • ушак-айың жана такталбаган маалыматтарга ишенбеңиз;
  • өз алдынча дарыланбаңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0