Автоунааларды озуп өтүүдө эмнелерди эстен чыгарбоо керек? Эреже, кеңештер

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаалар Бишкек шаарынын Масалиев көчөсү менен барып жатышат. Архив
Унаалар Бишкек шаарынын Масалиев көчөсү менен барып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунааларды озуп өтүүдө этият болгон оң. Эгер айдоочунун ага көзү жетпесе, ашып кетүүгө аракет кылбай эле койгону жакшы. Туура эмес озуп өткөн айдоочу айып пулга эле жыгылбастан, кырсыктын себепкери да болуп калышы толук ыктымал.

Sputnik Кыргызстан айдоочуларга пайдалуу маалыматтарды, суроо жараткан жол эрежелерин аныктап, зарыл болгон кеп-кеңештерди берип туруу максатында атайын рубрика ачкан.

Анын алкагында бул ирет жолдогу "озуп өтүү" эрежелери боюнча айтып беребиз. Маалыматтар ЖКККББ сайтынан алынды.

Алдыдагы автоунааны озуп өтүүдө айдоочу эмнелерди билиши керек?

  • Айдоочу озуп өтчү жол тилкесин карап, жетиштүү аралыгы бош экенине көзү жетиши керек. Ошондой эле каршы багытта келе жаткан жана ошол эле катарда бараткан транспортко тоскоолдук жаратпай турганын билиши зарыл;
  • Ушул эле жол тилкесинде артта келе жаткан автоунааны караш керек. Анын озуп өтүүгө аракет кылбай турганына ишенимдүү болгондон кийин гана кыймылды баштаганы оң. Мындан сырткары, алдыда бараткан автоунаа солго же башка тилкеге бурула турганын эске алуу кажет;
  • Озуп өткөндөн кийин арттагы автоунаага тоскоолдук жаратпай, мурда ээлеген тилкесине кайрылып айдап кетүү зарыл;
  • Калктуу конуштан башка жерлерде озуп өтүүнү каалагандар алдынкы айдоочуга үн чыгарган сигнал берип, ал айдоочу жол бере турганына көзү жеткенден кийин гана айдап өтүшү керек.
  • Автоунааларды сол жагынан гана озуп өтүш керек. Эгер айдоочусу солго бурула турган болуп белги берсе, анда анын оң тарабынан өтсө болот;
  • Озуп айдап кеткен айдоочуга артта калган автоунаа кыймылдын ылдамдыгын көбөйтүп же башка аракеттер менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат;
  • Алдынкы автоунаадан ашып кеткенден кийин (буга оң тараптан уруксат берилген озуп өтүү кирбейт) айдоочу мурда ээлеген тилкеге кайтып келүүгө милдеттүү. Бирок бир багытка кеткен эки же андан ашык тилке болсо, айдоочу кайрадан озуп өтө турган учурда арттагы автоунааларга тоскоолдук кылбай, сол тилкеде калса болот.

Кайсы жерлерде автоунаадан озуп өтүүгө тыюу салынат?

  • Жөнгө салынуучу кесилиштерде каршы тилкеге чыгып озуп өткөн болбойт. Ошондой эле жөнгө салынган да, жөнгө салынбаган кесилиште, негизги жол болуп эсептелбеген жерлерде ашып өтпөш керек;
  • Жөө адам өтүүчү өткөөлдөрдө, жөө адамдар бар болгон жерлерде да алдынкы автоунаадан ашып өтүүгө тыюу салынат;
  • Темир жолдо, ага 100 метр аз калганда да озуп өтүүгө мүмкүн эмес;
  • Озуп же айланып өтүп бараткан транспорттон ашып өтүүгө болбойт.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш
Эрежелердин арасында жүк ташуучу, жай жүргөн автоунааларга карата да эске салчу бөлүктөрү бар. Мисалы, калктуу конуштан башка жерлерде жай жүргөн же ири габариттүү транспорттордун айдоочулары мүмкүн болушунча жолдун чети менен айдаш керек. Зарылчылык жаралган учурда артында топтолгон автоунааларды өткөрүп жиберүү үчүн токтошу зарыл.

Бул жерде жазылган эрежелерди аткарбаган айдоочу 1000 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылат.

Адистер айдоочуларга озуп өтүүдөн мурда жолдогу ар бир майда нерсеге чейин маани берип, жол белгисин, чийинди эске алууну сунушташат. Ошондой эле озуп өтөрдө айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, озуп өтүү 3-4 секунддан көп убакытты талап кылбашы керектигин да айтышкан. Мындан сырткары, озуп өтүүдөн мурда алдыдагы айдоочуга жарык, фара менен эскертүү берип, уруксатын алып туруп гана өткөн оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0