"Ош" базарында коронавирустун очоктору аныкталып, жабылышы каралууда

Жазылуу
Буга чейин борбор калаадагы "Орто-Сай" базарынан коронавирусту жуктуруп алган адамдар чыгып жаткандыктан, төрт күнгө жабылары айтылган болчу.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Ош" базарында дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабууну карап жатат.

Брифингде борбор калаанын вице-мэри Азизбек Алымкулов "Орто-Сай" базарынан коронавирус жуктурган адамдар чыгып жаткандыктан, 10-июндан 13-июнга чейин жабылгандыгын эске салды.

"Ош" базарында инфекциянын очогу бар экендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн. Базарды жабуу маселеси жакынкы күндөрү чечилет", — деди Алымкулов.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 2093кө жетип, анын ичинен 1572си сакайды. Тилекке каршы, коронавирус 26 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0