Бишкектеги "Орто-Сай" базары 4 күнгө жабылмай болду

© Sputnik / Акылбек БатырбековОртосайский рыночный комплекс в Бишкеке
Ортосайский рыночный комплекс в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэрдин айтымында, буга чейин коронавирус аныкталган шаардыктар "Орто-Сай" базарына баргандыгын айтышкан.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базары төрт күнгө, 10-13-июнь күндөрү жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Балыкчы шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусуна кирүү эрежеси өзгөрдү
Ага ылайык, Юнусалиев, Безымянный, Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилке карантинге алынат.

Буга чейин вице-мэр Татьяна Кузнецова Бишкек шаарынын тургундары медиктерге өздөрү коронавирустан шектенип кайрылган учурлар болгонун жана "Орто-Сай" базарына баргандыгын айтышканын билдирди.

2020-жылдын 9-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 055ке жетти. Буга чейин жалпысынан 1 483 киши ооруканадан чыгарылды. 24 бейтап вирусту жеңе албай көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0