Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын. Айдоочулардын көйгөйүн баяндаган видеорепортаж

Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасы. Бишкек — Торугарт жолу менен калаадан чыгып баратканда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги алыстан көзгө даана көрүнөт. Кезек күткөн айдоочулардын көбү Казакстандан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кете албай калгандар.

Казакстанга кирүү май айынын аягынан тарта кыйындай баштаган. Акыркы үч күн ичинде коңшу мамлекетке саналуу эле айдоочу кирген. Бирок 3-июндан тарта кыймыл бир аз жанданып, жүк ташыгандар чекесинен өтө баштаган.

Баарынан да тез бузулуп кетчү азыктарды ташыган айдоочулар санааркап жатышат. Жашылча-жемиштери чирип кетпеш үчүн күнү-түнү автоунаанын муздаткычтарын өчүрбөй жатканын айтышты.

"Россияга 22 тонна сабиз алып бара жаткам, тыгында турганыма үч сутка болду. Күн болсо кайнап, көчөдө 35 градус ысык. Көлөкө жок, талаада 40 градус ысыктай эле сезилип жатат. Кондиционер жок болсо сабиз биринчи күнү эле чирип кетмек. Жашылча соолубай турсун деп муздаткыч иштеттим. Ага эле май сатып алганга алты миң сомдой чыгым болдум. Бул чыгымды эч ким төлөп бербейт. Эгер соолуган сабиз алып барсам, анда мага акча да төлөп беришпейт", — деди айдоочулардын бири Умар Ханмончи.

Ысыктын күнү кезек күтүп Умарга окшоп тургандар жүздөп саналат. Алардын баары өз акчасына күйүүчү май алып, кайсы маалда өткөрүп жиберет деп уйку бетин көрбөй кезегин күтүп турган чактары.

Бир нече күн мурда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болгон - Sputnik Кыргызстан
Ысыкта зарыгып, күнгө какталган айдоочулар. Кыргыз-казак чек арасынан сүрөт баян
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, азыркы тапта "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" өткөрмө пункттары гана иштеп жатат. Жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине ушул да себеп болушу ыктымал.

"Автоунаалар дезинфекциядан өтүп, айдоочулардан коронавируска анализ алып жатышат. Муну да эске алыш керек. Кыргыз тарап автоунааларды тез өткөрүү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын баса белгилеп кетели", — дешти чек ара кызматынан.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев буга пандемиянын деле тиешеси жок деп эсептейт.

"Бул көйгөйгө үч жыл болду. Коронавирус Кыргызстан, Казакстанда пайда болгонго чейин эле айдоочулар чек арадан өтө албай 4-5 күндөп турушчу. Баарынан да үч суткалап тургандарга жаман болду. Дагы жакшы аларга жакын жашаган аймактагылар бекер тамак-аш алып келип берип жатышат", — деди Шабданалиев.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолукканын айтып, алардын көйгөйүн укканын билдиришти.

"Жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен вице-премьер Эркин Асрандиев жолугат. Мындан тышкары казак тарап менен дагы сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал жактан чечим кабыл алынгандан кийин гана жыйынтыгын билдире алабыз", — дешти маалымат кызматынан.

Экономика министрлигинин маалымат катчысы эксперттер көйгөйдү чечүү жолун издеп жаткандыктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0