Окуучулар күзүндө да аралыктан окумай болдубу? Министрликтин жообу

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАралыктан билим алып жаткан окуучу. Архив
Аралыктан билим алып жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар жаңы окуу жылы дистанттык тартипте улантылышы ыктымал экенин жазышкан. Министрлик бардык иштер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечилерин белгиледи.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Күзүндө жаңы окуу жылын реалдуу режимде, мектептен эле улантууга даярданып жатабыз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКлар жаңы окуу жылы аралыктан улантылып калышы ыктымал экендигин жазышкан.

Жусупбекованын айтымында, бардык иштер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет.

"Окуу жылын кандай тартипте, кандай режимде баштаарыбыз биздин министрликтен көз каранды эмес. Бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Сентябрга чейин абал турукташып калат деп үмүттөнүп, окууну реалдуу режимде эле улантууга умтулуп жатабыз. Эгер биз ойлогондой болбой калса, дарыгерлер уруксат бербесе, айла жок аралыктан окуйбуз. Бирок сентябрь айына чейин абал турукташып калат деген үмүт чоң", — деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары кандай учур болбосун, бардык нерсеге алдын ала даярдык көрүп коюу керектигин да баса белгиледи.

Торжественная линейка в средней школе № 82 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу жанданды
"Эң биринчи реалдуу режимде окууга даярдык көрүп жатабыз. Бирок абал оңунан чыкпай калса, ага да даяр турушубуз керек. Жай айында мыкты методисттер менен иштешип, видеосабактарды даярдайбыз. Төртүнчү чейрекке видеосабак даярдаганда күнү-түнү иштегенбиз. Бул ирет шашпай, мыкты видеосабактарды даярдоо планыбыз бар. Күздө реалдуу режимде окуганда деле ал видеосабактар аркылуу балдар кошумча билим ала берет", — деди Жусупбекова.

Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер аралыктан билим алышкан. Окуу жылы ошентип дистанттык түрдө аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0