Айдоочулардан 10 млн. сом чогулткан. Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүУнаа жолдо бара жатат. Архив
Унаа жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин мыйзам бузгандар мамлекеттик бюджетти 10 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан. Бул бир эле өткөрмө пунктунан түшкөн каражат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) Транспорт жана жол министрлигиндеги коррупциялык схеманы ачыктаганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схемага Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери катышкан.

"2018-жылы "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктуларына айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алган атайын автоматташтырылган техника орнотулган. Ага Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы жооптуу болчу. Бирок дирекциянын айрым кызматкерлери бир топ убакыттан бери айдоочулардан көрсөтүлгөн тариф боюнча акча алып турушкан дагы, системадагы маалыматтарды алмаштырып коюшчу. Ортодогу акча өздөрүндө калчу", — деп айтылат маалыматта.

Финпол дирекция кызматкерлеринин айдоочулардан акча алып, бирок аны системага киргизбей эле өткөрүп жибергендиги боюнча сүрөт далил бар экенин айтышты.

Түзөтүү колониясында туруктуу телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыштык сатуу чыры: УКМК кызматкерлери баш болуп 5 киши кармалды
"Өткөрмө пунктуларындагы маалыматтар министрликтеги аткаминерлерге келип турган, бирок алар эч кандай чара көрүшкөн эмес", — деп жазылат билдирүүдө.

2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин мыйзам бузгандар мамлекеттик бюджетти 10 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан. Бул бир эле өткөрмө пункттан түшкөн каражат.

Бул боюнча Кылмыш кодексинин 98-беренесине ("Коррупция") ылайык иш козголуп, дирекциянын үч оператору кармалган. Учурда Финпол аткаминерлерден бул ишке кимдин катышы бар экенин тактап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0