БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Булардын ичинде Бишкекте алты киши, Нарында 21, Ошто алты адам бар. Мындан тышкары, бир киши Соль-Илецкиден келсе, дагы үчөө Санкт-Петербург шаарынан келген мекендеш. Жаңы учурдун арасында үч медицина кызматкери бар.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандарды жалпы саны 1350 болду.
Өлкө аймагындагы абал тууралуу кеңири Sputnik агенттиги жүрүгүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.