Бишкек шаарындагы ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан

COVID Кыргызстанды кантип өзгөртүүдө? Абал тууралуу тексттик баяндама

Жазылуу
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны беш миллиондон ашса, беш миллиондон ашык калкы бар Кыргызстанда 1000ден ашып, 14 киши көз жумду.

Өлкөнүн айрым аймактарынан жана Бишкек шаарынан карантин чаралары алына элек. Анткен менен көчөлөрдө автоунаа көп, жөө жүргөндөр андан арбын. Калаада соода, калкты тейлөө борборлору иштей баштады. Тилекке каршы, көп жерлерде санитардык норма сакталбай жатканын көрүүгө болот.

Өлкөдөгү азыркы кырдаалды ыкчам жана так, сүрөт, видеолор менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик баяндамасынан окуп, көрүп турсаңыздар болот.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:41 22.05.2020

Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин дарыгер эки оорукана алмаштырган. Бул арада  Камбаралиева бир топ кыйналгандыгын жана күчтүү дарыларды алганын айтып берди. Учурда Бишкек шаарындагы  республикалык жугуштуу оорулар клиникасында жатат.

 

22:28 22.05.2020
21:03 22.05.2020

Аймактан шаарга келе жаткандар эмнелерди билиши керек, жанында кандай документ болушу шарт? Блокпосттон жөн эле өтүшөбү? Ушул жана башка калаага кирип-чыгуу эрежелери боюнча айыл-аймактардагы тургундардын суроолоруна Бишкек мэриясынын кызматкерлери жооп беришти.

 

Тушение пожара в частном складе на перекрестке улиц Масалиева и Садырбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аймактардан келчүлөрдүн эсине! Бишкекке кирип-чыгуу эрежелери
18:50 22.05.2020
11:49 22.05.2020

Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 61 000 жаранга пенсиясын тараткан, калганы 28-майга чейин толук алат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө 170 миллион сом көлөмүндөгү пенсиясы Кыргызстандагы 61 000 пенсионерге таратылды. Калган 18 пайызына 28-майга чейин төлөп берилет. Каржы министрлиги акча бөлгөн. Азыр пенсионерлер буга тынчсызданбай койсо деле болот”, - деди Мамбеталиев.

11:15 22.05.2020

"Кыргызстанда бүгүнкү күндө калкты тейлөө боюнча 20 борбор иштеп жатат. “Унаа”  мамлекеттик кызматтын  бөлүмтөрү иштеп баштады", - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев.

 

10:18 22.05.2020

Ушу тапта стационарда 387 бейтап бар, анын ичинен төртөө реанимацияда. Ооруканадан 949 киши чыгарылып, жалпысынан 14 киши каза болду.

10:12 22.05.2020

Бишкек шаарында экөө, Нарын шаарында бирөө. Ал эми стационарлардан бир медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

10:09 22.05.2020

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 20 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Сакайгандардын ичинен тогузу Бишкек шаарынан, жетөө Нарындан, экөө Жалал-Абад облусунан, бирөө Баткенден, бирөө Ысык-Көлдөн. Баарынын кайталап алынган анализи таза чыкты", — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, ушуну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 949га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0