Бишкекте иш баштабай жатып санитардык эрежени бузган ишканалар жазаланды

© пресс-служба мэрии города БишкекФакты несоблюдения санитарно-карантинных мер в Бишкеке
Факты несоблюдения санитарно-карантинных мер в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 470 ишкана текшерилип, бир нечесине протокол түзүлүп, эреже бузууларды тезинен жоюу боюнча эскертүүлөр берилген.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда.
Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда.  - Sputnik Кыргызстан
1/3
Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда.
© пресс-служба мэрии города БишкекСатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.
Сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.
© пресс-служба мэрии города БишкекАр бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.
Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.
1/3
Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда.
2/3
Сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.
3/3
Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.

Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.

Биринчи май районунда 235 чарба жүргүзүүчү субъектилер текшерилген. Анын 59уна тиешелүү буйрук берилип, 15 миң сомго 11 протокол түзүлгөн;

Бишкектин жолунда катуу ылдамдыкта автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: түндө Бишкекте катуу ылдамдыкта автоунаа айдагандар көп болду
Ленин районунда болжол менен 60ка жакын уюмга баш багышып, 41ине керектүү буйрук чыгарылган. 15 миң сомго 11 протокол түзүлдү;

Свердлов районунда 116 объект текшерилип, 45 санитардык буйрук чыгарылып, 9 миң сомго 5 протокол түзүлгөн;

Октябрь районунда 58 уюм текшерүүдөн өтүп, азырынча эч кандай протокол түзүлүп, сын-пикирлер айтылган эмес.

Жалпысынан 470 ишкана текшерилип, 39 миң сомго 27 протокол түзүлдү. Эреже бузууларды тезинен жоюу боюнча 145 буйрук чыгарылган.

Мэрия талапты аткарбагандарга карата Эреже бузуулар кодексинин 150-беренесине ылайык ("Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу") протокол түзүлө турганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0