БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.
![Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда. Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104829/62/1048296268_0:126:1040:780_600x0_80_0_0_5bc1201c2bd0eac847642c02654b9361.jpg)
![Сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда. Сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104829/62/1048296273_0:339:750:811_600x0_80_0_0_de0bd081fb0fffcc4563dafca0ffd2b6.jpg)
![Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө. Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104829/62/1048296278_0:32:1081:711_600x0_80_0_0_bc69fe3615935548d782ee037d1bdfdd.jpg)
Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.
Биринчи май районунда 235 чарба жүргүзүүчү субъектилер текшерилген. Анын 59уна тиешелүү буйрук берилип, 15 миң сомго 11 протокол түзүлгөн;
Свердлов районунда 116 объект текшерилип, 45 санитардык буйрук чыгарылып, 9 миң сомго 5 протокол түзүлгөн;
Октябрь районунда 58 уюм текшерүүдөн өтүп, азырынча эч кандай протокол түзүлүп, сын-пикирлер айтылган эмес.
Жалпысынан 470 ишкана текшерилип, 39 миң сомго 27 протокол түзүлдү. Эреже бузууларды тезинен жоюу боюнча 145 буйрук чыгарылган.
Мэрия талапты аткарбагандарга карата Эреже бузуулар кодексинин 150-беренесине ылайык ("Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу") протокол түзүлө турганын эскертти.