Биринчи мыйзам каралбай калган. Шайлоо босогосу боюнча жаңы демилге сунушталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБишкектеги шайлоо участогунда добуш берүү. Архив
Бишкектеги шайлоо участогунда добуш берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым депутаттар 5 пайыздык шайлоо босогосун сунуштаган. Бүгүн башка депутаттар 7 пайыздык босогону демилгелеп алып чыкты.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште шайлоо босогосун 7 пайыздык ченге түшүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

Документти Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Бүгүнкү жыйында Мамытов чыгып баяндама жасады.

"7 пайыздык босогодо электораттын арасында чыны менен абройлуу партиялар парламентке өтөт. Шайлоочулардын добушунун майдаланышы жана жоготулушу кыскарат. Бул саясий системага болгон ишенимди жогорулатууга, өзгөчө радикалдуу элементтерге жол бербөөгө, ошондой эле калктын кызыкчылыгын эске алууга мүмкүнчүлүк түзөт", — деди Мамытов.

Ал эми шайлоо босогосун 7 пайыздан дагы төмөндөтүү шайлоочуларды деконцентрациялоого, добуштарын майдалоого жана босогодон өтпөгөн майда партиялардын утулушунун натыйжасында көп добуштардын азайышына өбөлгө түзөрү айтылат.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРди парламенттик же президенттик башкарууга өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жарыяланды
Алар мыйзам долбоорунун күн тартибине киргизилбей калганына нааразы болуп, Талант Мамытов башында турган топ демилгелеген мыйзам долбоору кароого коюлганы регламентке каршы келерин айтып чыгышты.

Мындан улам мыйзамды караган конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбековду сындашты.

Ал эми Исхак Масалиев аталган мыйзам долбоору комитетте каралбаганын жана чукул арада биринчи окууга киргизилгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0