00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Битва за наследство: в каких случаях завещание признается недействительным
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
МГИМО ближе, чем кажется: всё о новых программах и шансах для студентов из КР
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖК депутаттары шайлоо босогосу менен күрөөнү төмөндөтүүнү демилгеледи

Жазылуу
Мыйзам долбоорун депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеген.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга чейин түшүрүүнү сунуштап жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеген.

Негиздемеде шайлоо босогосу алгач 5 пайыздан 7 пайызга чейин көтөрүлүп, 2017-жылы босого чеги 9 пайызга чейин жогорулатылганы жазылат. Эгер 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого чеги колдонулганда азыркы парламентке "Бир бол" жана "Ата Мекен" партиялары өтпөй калмактыгы белгиленген.

"Шайлоо босогосу канчалык жогору болсо, түрдүү саясий партиялардын тобу "көчөдө" калат да, алар өлкөдө саясий кырдаалды туруктуу жолунан тайдыруу коркунучун жаратып, элди митингдерге алып чыгууга жөндөмдүү болуп кала берет", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

Андан сырткары, саясий күчтөргө, жаӊы жана жаш партияларга парламенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында шайлоо күрөөсүнүн суммасын 1 миллион сомго төмөндөтүү дагы сунушталып жатат. Учурдагы күрөөнүн көлөмү 5 миллион сомду түзөт.

Электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазында 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт
"Шайлоолордун пропорциялык системасын киргизген учурдан баштап (2007-жыл) 2015-жылдын апрелине чейин шайлоо күрөөсү эсептик көрсөткүчтүн беш миң эселенген өлчөмүн, же 500 миӊ сомду түзгөн. Шайлоо күрөөсү мындай суммада болуп турганда 2010-жылы Жогорку Кеӊешке шайлоого 29 партия катышкан, ал эми 2015-жылы шайлоо күрөөсүнүн суммасы 5 миллион сомго чейин көтөрүлгөндө шайлоодо болгону 14 партия ат салышты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле шайлоо күрөөсүнүн өтө чоӊ болушу көптөгөн партиялардын шайлоого катышуусуна тоскоол болот. Мындан тышкары, колунда бар жарандар гана парламенттин депутатына талапкер болууга мүмкүнчүлүк алат деген образды жаратат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0