Кыргызстан суу каптап жабыркаган Өзбекстанга гумжардам жөнөттү

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOГуманитардык жардам жеткирүү. Архив
Гуманитардык жардам жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 1-май күнү болгон. Суу сактагычтагы дамбанын бир бөлүгү жырылып, 70 миңге чукул адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кырсыкка кабылган 56 адам жабыркап, эки киши каза тапкан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстан Сардобин суу сактагычынын жарылышынан жабыркаган Өзбекстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Жабыр тарткан элге 1000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1-май күнү Өзбекстандагы Сардобин суу сактагычындагы дамбанын бир бөлүгү жырылган. Мындан улам коңшу өлкөдө 70 миңге чукул адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кырсыкка кабылган 56 адам жабыркап, 2 киши каза тапкан.

Ал эми 2-май күнү суунун агымы Казакстандын Түркстан облусуна жеткен. Буга байланыштуу казак өкмөтү 31 миңден ашык айыл тургунун эвакуациялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0