11-майдан тарта ишке кире турган ишканалардын тизмеси

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТуристтик агенттиктин кассасы. Архив
Туристтик агенттиктин кассасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасирине ылайык иштелип чыккан бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосу абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгиледи.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, эртең, 11-майдан тарта, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, өзгөчө кырдаал режими уланат.

11-майдан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:

Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

  • микрофинансылык уюмдар;
  • камсыздандыруу компаниялары;
  • ломбард;
  • акча алмаштыруу пунктулары;
  • кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
  • туристтик агенттиктер;
  • адвокаттык кызматтар;
  • басма кызматтары.

Калкты тейлөө кызматтарынан:

  • сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
  • тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
  • химтазалоо.

Соода чөйрөсүнөн:

  • курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
  • автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
  • тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
  • автосалондор – авторыноктордон сырткары.

Ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын ишине дагы уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0