Бүгүнкү соттук процесске катышуудан баш тарткан Атамбаевдин абалы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеге ылайык, Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдун жылышы боюнча маалыматтар тарап жатат. УКМК бул боюнча жооп берди.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-апрелде, белгисиз себептер менен соттук процесске катышуудан баш тартканын билдирди.

Белгилей кетсек, интернетке Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдун жылышы боюнча маалыматтар тараган. Бул боюнча УКМК төмөнкүлөрдү билдирди.

“Учурда Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өзү дагы ден соолугуна арыздана элек”, — деп айтылат маалыматта.

Бирок мурдагы мамлекет башчы соттук отурумга катышуудан баш тартып, себебин түшүндүргөн эмес.

Кой-Таш окуясы

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0