Эртең дистанттык окуу башталат. Сабактар канча мүнөткө созулат? 10 суроого жооп

© AFP 2023 / ALAIN JOCARDЖогорку класса окуган кыз үй-тапшырманы аткарып жатат. Архив
Жогорку класса окуган кыз үй-тапшырманы аткарып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 8-апрелден тарта, Кыргызстанда мектеп окуучуларын дистанттык формада окутуу башталат.

Коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу мектеп окуучулары IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.

Ош мамлекеттик университетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОшМУ "Аралыктан билим алабыз" аттуу видеосынак жарыялады
Бул үчүн Билим берүү жана илим министрлиги окуу материалдарын электрондук форматка көчүрүп, аларды окуучуларга теле жана интернеттин жардамы менен бергени турат. Видеосабактарды тартууда жалпы 200дөн ашык мугалим иштеди.

Sputnik Кыргызстан министрликке кайрылып, окуу процесси тууралуу толук маалымат алды.

Сабактар кайсы телеканалдарда көрсөтүлөт

IV чейректин сабактарын 1-4-класстын окуучулары КТРКнын "Баластан", 5-11-класстын окуучулары ЭлТРдин "Илим Билим" каналынан көрүшөт. Ошондой эле бул сабактар "5-канал", "Санат", "Пирамида" каналдары аркылуу эфирге берилет.

Сайттар жана тиркемелер

Ушул эле видеосабактар, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын расписаниеси, кошумча адабияттар, тапшырмалар, өнүктүрүүчү оюндар жана тесттер oku.edu.gov.kg (8-апрелден тарта ишке кирет) порталына жүктөлөт. Ошондой эле "МЕГА 24" тиркемесинде жайгаштырылат.

Дагы кайсы булактардан сабак окууга болот

  • kitep.edu.gov.kg жана lib.kg — окуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган;
  • www.ibilim.kg — башталгыч класстар үчүн материалдар;
  • www.bb.edu.gov.kg — 5-11-класстардын окуучулары үчүн окуу материалдары;
  • www.mozaweb.com — билим берүү боюнча онлайн-ресурс;
  • www.yaklass.ru — билим берүү боюнча онлайн-ресурс;
  • www.testing.kg — билим деңгээлин текшерүү боюнча тесттер, ага даярдануу жана башка материалдар.

Сабактар кайсы учурда болот

1-4-класстарга "Баластан" каналында саат 11.00-14.00 аралыгында;

Кайтарым байланыш — 9.00-11.00 жана 14.00-17.00гө чейин.

5-7-класстарга "Илим Билим" каналында саат 13.00-16.00 аралыгында;

Кайтарым байланыш — 9.00-12.00 жана 16.00-18.00.

8-11-класстар "Илим Билим" каналында саат 9.00-13.00 аралыгында;

Кайтарым байланыш — 14.00-19.00.

Кайтарым байланыш кандай формада өтөт

Мугалимдер видеосабактарга чейин жана кийин мектепте түзүлгөн расписаниеге ылайык өзүнүн классындагы окуучулар менен Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp тиркемелери аркылуу байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, суроолоруна жооп берип, тапшырмаларды берет.

Сабак канча мүнөткө созулат

Ар бир видеосабак 20 мүнөткө чейин болот.

Видеосабактардан эмнени алууга болот

Видеосабакта жаңы темалар жана эң негизги деп эсептелген минимум гана материалдар берилет. Ал эми теманы кеңири түшүндүрүү, кайталоо мугалим менен окуучулар онлайн байланышканда ишке ашырылат.

Баа кантип коюлат

Кадимкидей ар бир окуучуга баа коюлат. Ал үчүн мугалим өзүнө убактылуу журнал ачат. Министрликтен айтышкандай, эгер эпидемиологиялык абал турукташпай, IV чейрек толугу менен дистанттык негизде окутулса, жыл жыйынтыгын чыгарарда, артыкчылык мурдагы үч чейректин баасына берилет.

Билим деңгээлин текшерүүчү тесттер

Ноутбук колдонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар үйдөн билим ала турчу сайттардын тизмеси
Улуттук тестирлөө борбору 4-11-класстарга математика, химия, биология, география, кыргыз тили, орус тили, өзбек тили, тарых, адам жана коом, англис тили, орус тили (кыргыз мектептери үчүн), кыргыз тили (орус мектептери үчүн), эне тили, мекен таануу сабактарынан тесттерди иштеп чыкты. Мугалимдер аларды окуучулардын билим деңгээлин текшерүү үчүн маал-маалы менен колдонуп турат.

Интернет жок аймактарда балдар кантип окуйт

Министрликтен билдиришкендей, учурда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактары интернет менен камсыз болгон. Бирок ал жетпеген бир нече алыскы тоолуу аймактар бар. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, андай айылдарда ондогон гана үй-бүлө жашап, сырт менен байланыш аз, вирус жуктургандар жок. Андыктан медиктер карап чыгып уруксат берген учурда, балдар теле аркылуу видеосабактарды көрүшөт дагы, кайтарым байланыш үчүн кыска убакытка мугалимге жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0