БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынында Кыргызстандын айрым аймактарына 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү Жарлыгын колдошту.
Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койгон. Мындан соң документ парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.
Кыргызстанда жарыялана турган өзгөчө абал жана өлкөдөгү учурдагы кырдаал боюнча толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.