Временные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланат. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Эртең, 25-марттан тарта, Кыргызстандын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилмей болду. Буга чейин өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүп келген.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадга киргизилген абал 15-апрелге чейин созулмакчы.

Ушул тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны - 16. Алардын жетөө эркек, тогузу аял кишилер.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:03 24.03.2020

Боронов: Мындай учурда колдон келишинче элди көп топтобогонго аракет кылсак. Биз бул абалды түшүнүп, карап, шартты түзүп берген аракет кылабыз.

23:00 24.03.2020

Боронов: Кыргызстандын ичинде аба каттамдары токтоду. Бирок, зарылдык чыкса, атайын борт иштейт. Токтоосуз чечүүгө зарыл маселе чыкса учат.  

22:57 24.03.2020

Комендант Алмазбек Орозалиев:Шаардык каттоосу киши Бишкекке кире албайт. Эгерде башка аймактан келсе кирбейт. Бирок чыга алат.

22:56 24.03.2020

"Бул кайтарымдуу кредит. Бул элди дан азыктары менен толук камсыздоо үчүн жасалып жатат. Убагы келгенде алар каражатты кайтарат", - деди Боронов.

22:52 24.03.2020

"Өкмөт Социалдык жактан өнүктүү министрлиги менен биргеликте жакыр жашагандардын азык-түлүк менен камсыз болушун карап жатат", - деди Боронов.

22:50 24.03.2020

Боронов: Эшикке чыга турган жарандын атайын анкета сындуу кагазы болот. Анда дареги, ким экендиги жана дарыкананын дареги болжол менен жазылышы керек. Муну айтып жатканым, аларды Кайгуул милиция токтотушу мүмкүн.

Кишинин өздүгүн тастыктаган документи, экинчи, мен айткан анкетасы болушу зарыл.

Бул адам бейчеки басып кетпеши үчүн жасалып жатат.

Максат – коронавирустан улам адамдардын бири-бирине жакын болушун максималдуу азайтып, ооруну бири-биринен жугузуп албоонун алдын алуу максатында жасап жатабыз. Муну түшүнүү менен кабыл алууңуздар керек.

22:47 24.03.2020

Шаарды аралып өткөн жолдор тосулат. Транзиттик жүктөр айланып өткөн жол менен жүрөт.

Боронов: КРдин аймагында дары-дармек менен азык-түлүк ташыган автоунааларга, тараптарга өтүүгө, жолдо жүрүүгө уруксат берилет. Эгерде алар жол тыгынга туш болсо, милиция кызматы аларга жардам берет.

Мындай эреже Бишкектен сырткары Ош жана Жалал-Абад аймактарында да каралган.

22:43 24.03.2020

Боронов көчөгө чыгуу тартибин айтты:

Жөнөкөй жарандар эртен мененки 7ден кечки 20:00гө чейин

Азык-түлүк алганга

Дарыканага барганга

Медиктерге көрүнгөнгө барганга

укуктуу болот.               

Мындан сырткаркы мезгилде көчөгө чыкканга болбойт.

Ал эми кызматтагыларга атайын документ жазып берилет.

Кечки 20:00дө эртен мененки 7:00гө чейин эшикте жүрүүгө тыюу салынат.

 

22:39 24.03.2020

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев: Азыр кырдаал курч, азыр катуу талапка муктажбыз. Оюн-зоок жайлардын ишине, жарандардын көчөдө жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Коомдук-транспорттун, таксилердин каттамына тыюу салынат.

 

22:36 24.03.2020

Боронов: Бишкекке кирген жерге текшерүүчү 15 пост тургузулду. калаанын ичинде атайын 32 карантиндик-посттор орнотулду. Өзгөчө абалды сактоону көзөмөлгө алган өзүнчө мобилдик топтор, жөө жүрүүчү патруль иштейт.

22:28 24.03.2020
22:17 24.03.2020

Нарын облусунун бардык айылдарына санитардык-карантиндик посттор коюлду. Зарыл болбосо эч ким эч жакка чыкпашы керек.

Облуска кире бериш аймактарга: Кочкор районундагы Сары-Чат, Жумгал районундагы Арал жана Ак-Талаа районундагы Актал-Чат аймактарында 20-марттан бери санитардык-карантиндик посттор иш алып барууда.

Бүгүн, 24-мартта көзөмөлдү күчөтүү максатында мындай посттор райондук штабдардын чечими менен ар бир райондо жана айыл өкмөттөрүндө,

Ошондой эле Нарын шаарында уюштурулуп, кирген чыккандарды көзөмөлгө алууда.

Санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк, дары-дармек, жазгы талаа иштерине зарыл болгон каражаттарды алып өтүүгө жана ден соолугуна байланыштуу өтө зарыл шарт менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет.

Ситуация в Нарынской области из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
21:52 24.03.2020

Экспортко тыюу салынган азык-түлүктөрдүн тизмесине ун, гречка, кумшекер, картошка, сабиз, кызылча , шалгам, капуста, чемичке үрөнү жана чемичке майы кирет.

 

21:41 24.03.2020

Коронавирустан улам Кыргызстан ЭВФтен жардам алган биринчи өлкө болушу мүмкүн.

 

Международный валютный фонд - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам Кыргызстан ЭВФтен жардам алган биринчи өлкө болушу мүмкүн
19:56 24.03.2020

"Кыргыз почтасынын" курьерлери Бишкек шаарындагы 60 жаштан жогорку курактагы жалгыз бойлорго, бейтаптарга, майыптарга инсулин жеткиришет. Бул тууралуу Башкы штабдан кабарлашты.

Шаардык эндокринологиялык борбордун дарыгерлери, байланышты чектөө максатында, 60 жаштан жогорку курактагы жалгыз бойлорго, бейтаптарга жана майыптарга инсулин жеткирип беришет.

Кант диабети менен ооруган бейтаптар үйдөн чыкпай эле телефон аркылуу кеңеш алып, инсулинге буюутма берип, туугандары, тааныштары, кошуналары жана ыктыярчылар аркылуу алдырса болот.

19:23 24.03.2020
18:39 24.03.2020

Аткаминерди атайын кийимсиз келгени үчүн обсервацияга киргизбей койгону үчүн иштен кетирилди деген бишкектик дарыгер туурасында суроо берилди.

“Окуя Бишкек шаарындагы №1 интернатта жайгашкан обсервацияда болгон. Абалды билдик. Дарыгер Бахтияр Абсаматов кызматтан кеткен эмес. Биздин кызматкерге, Саламаттыкты сактоо министрлигин өкүлүнө катуу эскертүү берилди. Ал мындай каталыкты кетирбеши керек эле. Анткени менен алар да күнү-түнү нөөмөттө турат”, - деди Акматова.

18:31 24.03.2020

Акматова: мигранттар КР жараны болуп жаткандыктан келип жатат. Алар келсе дарылайбыз, карайбыз, көзөмөлгө алабыз.

18:29 24.03.2020

Акматова: Карантинде калып, биринчи лабараториялык изилдөөдө оору тастыкталбаса, жаранды үйүнө жибере алабыз. Алар тил кат менен карантин шарттарын сактайм деген милдеттенме алып чыгат.

18:24 24.03.2020

Канында канттын өлчөмү көп жана бөйрөгү ооруган - диализдеги адамдарды ооруканалар кантип кабыл алат деген суроо берилди.

"Бизде аймактык ооруканаларда өнөкөт ооруларды кабыл алган атайын бөлүмдөр бар. Маселен, кош бойлуу аял  вируска шектелсе, аларды төрөт үйүндө өзүнчө кабыл ала турган жай бар", - деп жооп берди Акматова.

18:21 24.03.2020

Реанимацияда жаткан киши дагы эле жандандыруу бөлүмүндө.

18:18 24.03.2020

Акматова: Бир жашка чейинки эки бала дарыланып жатат. Андан башка дагы бир жашка чейинки бөбөк эле бар эле, анын энесинен вирус тастыкталган. Бактыга жараша, ал эми ымыркайдан кийинки жолку текшерүүдө тастыкталган жок. Алардын сырткары 6 жана 14 жаштагы балдардын вирус жугузганы анык болду. 

18:13 24.03.2020

Акматова: Бүгүн иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазыбыз. Алар - биз сыйлаган, таянган, урматтаган кадрлар. Аларды болгон каражаттар, тамак-аш, тиешелүү каражаттар менен камсыз кылганга аракет кылып жатабыз. Бизде дарыгерлер кийип, вирустан сактануучу каражаттар бар, бирок алар колдонулуп жаткандыктан, албетте четинен кемийт.

Бүгүн Ошко 1300 атайын костюмдарды берип жибердик. Дагы алып келе турган тараптарды таптык. Алар комплект түрүндө – көз айнек, кол каптары, бет кабы менен бар.

 

18:08 24.03.2020

Акматова: Учурда республика боюнча 42 адам коронавирус менен катталган. Аларды бардыгы Бишкектеги, Оштогу, Ноокаттагы, Жалал-Абаддагы, Баткендеги ооруканаларда жатат.

Балдарды эсепке албаганда чоңдордун курагы 16 жаштан тарта, 81 жашка чейин.

18:07 24.03.2020

Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова берет.

18:02 24.03.2020
17:42 24.03.2020

25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат.


Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин Жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде Республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алат.
Белгилүү болгондой, ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.

17:24 24.03.2020

Коронавирус табылган 26 кишинин 14ү кичи ажылыкка Сауд Аравиясына барып келгендер болсо, 12си вирусту умрадан келгендерден жуктурган. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

 

16:35 24.03.2020

Ысык-Көл облусундагы калктуу пункттардын ортосунда жарандардын бир жерден экинчи жерге өтүүсү убактылуу өткөрмө кагаздары боюнча гана жүргүзүлөт.

24-мартта облустук ыкчам штабдын жыйынында калктуу пункттардын ортосунда жарандардын жана автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.

Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары (акимдер, айыл өкмөттөрү), муниципалдык жана мамлекеттик органдардын жетекчилери убактылуу өткөрмөлөрдү өтө зарылдыгына жараша гана беришет.


Убактылуу өткөрмөлөрдү колдонууда мыйзам бузуулар аныкталган учурда жаран жана кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылат.

16:33 24.03.2020
16:30 24.03.2020

“Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот”, - КР ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев.

16:18 24.03.2020

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам кайсы аймактардын тургундары экенин Республикалык штабдан билдиришти.

Сузак районунда — 9
Ала-Бука районунда — 2
Ош шаарында — 8
Кара-Суу районунда — 1
Ноокат районунда — 6 учур катталган. 
Бардыгы болуп Ош облусунда 15 жана Жалал-Абад облусунда 11 адамдан чыккан.

16:06 24.03.2020

Шаарда иштеп, бирок анын чет жакасында жашагандар коменданттык саат башталган 20.00гө чейин кетиши керек", — деди комендант Орозалиев.
Коменданттык саат 20:00дөн 7:00гө чейин созулат.

 

16:02 24.03.2020

Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 338 куткаруучу катышып жана 44 өрт өчүрүүчү автоунаа колданулган.

Дезинфекция улиц в Оше - Sputnik Кыргызстан
15:48 24.03.2020

Депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын чок ортосундагы Фучик паркынын жанында жайгашкан жаңы оорукананын эмнеге иштебей турганын ЖКга келген биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдон сурады. 

Депутаттардын бири Жалал-Абаддагы жугуштуу оорулар ооруканасында 26 инфекционист бар экенин айтып, аларды алмаштырып, ордуна башка аймактардан дарыгер алып келүү алмаштырып, иштөөнү сунуштады.

Флешмоб депутатов ЖК с призывом к единству для борьбы с вирусом COVID-19 в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
15:43 24.03.2020

Депутаттар учурда элдин аялуу катмарына пособие кароо, дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу, ооруп келгендерди Бишкек шаарына киргизүү тартибин кароо, тышкы карыздарды азыртадан донорлорго айтып чечүү сындуу бир топ социалдык маселелерди көтөрүүдө.

15:29 24.03.2020

Төрага: Өзгөчө абал киргенде Жогорку Кеңеш толугу менен иштейт

“Эгерде ушундай тез чогулуш керек учурлар болсо, ЖК чогула калып иштейт. Жергиликтүү бийликке жардам кыла турган кырдаал жаралса дароо келе калып же көмөк көрсөтүшүбүз керек”, -  деди төрага Дастан Жумабеков.

Бүгүн бир катар депутаттар ЖК мындай учурда каникулга кетпеш керек деген пикирлерин айтып, талкуулоону сунуштады.  

15:17 24.03.2020

Депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларына, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыктарын колдогон токтомдун долбооруна добуш берди. 

15:16 24.03.2020

Учурда кезексиз жыйынга ЖКнын 105 депутаты катышып жатат. Баары - парламентарийлер да, өкмөт мүчөлөрү медициналык бет капчан отурушат. 

15:14 24.03.2020

 Депутаттар  президент Жээнбековдун бүгүн чыккан үч Жарлыгын бекитип бермекчи. 

15:13 24.03.2020
14:59 24.03.2020

Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган аймактарында 25-марттан тарта саат 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бишкектин жана өзгөчө абал режими киргизилген райондорго келген башка адамдар бүгүн түнкү саат 12ге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү зарыл.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин түшүндүргөнүнө караганда, бул убакытта жарандардын жөө жана автоунаа менен сыртта жүрүшүнө тыюу салынат.


14:54 24.03.2020

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин түшүндүргөнүнө караганда, бул убакытта жарандардын жөө жана автоунаа менен сыртта жүрүшүнө тыюу салынат.

 

Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Коменданттык сааттын шарты кандай болот. Түшүндүрмө
14:39 24.03.2020

Нарын облусунун аймагына кирип чыгуучу жерлерге санитардык-карантин посттору уюштурулуп, бүгүнкү күндө азык-түлүк жана керектүү дары-дармек алууга гана келген автоуналар өткөрүлүүдө. 

Маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Нарын облусунун аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында милиция кызматкерлери маршруттук топторго бөлүнүп алып иштеп жатат.

Ага шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери көчмө кабылдамасы жана үн күчөтүүчү каражаттар менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 “Бирок ошого карабастан кээ бир жарандар жугуштуу илдеттин коркунучуна көп көңүл бурбай өз алдынча көчөлөрдө жүргөндүгү өкүндүрөт”, - деп айтылат маалыматта.

14:16 24.03.2020

Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан баштап Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына өзгөчө абал киргизилмей болду.

 

14:14 24.03.2020

Буга чейин Мамкаттоого блокпосттордо биометрикалык паспорттон каттоо дарегин текшерүүдө көйгөйлөр болуп жаткандыгы боюнча даттануулар келип түшкөн.

 

14:01 24.03.2020

"Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва – Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

 

Бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөн.

2020-жылдын 22-мартына чейин коронавирусун жуктургандардын саны 1000ден аз болгон, эпидемиологиялык жактан коркунучсуз өлкөлөрдөн келгендердин баары тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин үй карантинине жиберилген болчу.

 

Республикалык штабдын чечими боюнча 22-марттан тарта чет өлкөлөрдөн учуп келген бардык жүргүнчүлөр тийиштүү процедуралардан – паспорт көзөмөлү, санитардык-карантиндик пункттан өткөндөн кийин, обсервация жайларына жеткирилүүдө.

13:46 24.03.2020

 Ушул тапта Жер планетасында COVID-19 вирусуна 381 499 адам кабылды. Бул маалыматты Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайты берип жатат. 

Алардын ичинен 101 794ү сакайып кетсе, 16 557си каза тапты.

Ал эми Кыргызстанда тумоого чалдыккандардын саны 42 жетти. 

 

13:39 24.03.2020

Алар — Алмазбек Орозалиев, Жеңишбек Жоробеков жана Малик Нурдинов. 

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын начальниги. Ал эми Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан.

 

13:29 24.03.2020

Эртеңден тарта Кыргызстандын бир катар шаар, облустарына өзгөчө абал киргизилет. 

Күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү кылып башкаруу үчүн өзгөчө абал киргизилген аймакка комендант дайындалат. Анын ыйгарым укуктары болот. Маселен, коменданттык саат киргизет, убакыт боюнча чектөө киргизип, чараларды көрөт. Андан сырткары, аймакка кирип-чыгуу тартибин аныктайт. 

Өзгөчө абал учурунда жарандар кандай эрежелерди сактоо керек, кандай тартипти кармануу керек, эмнелерди кылганга болбой, мыйзам бузса кандай чара көрүлөт жана дагы бир топ суроолорго ушул материалдан толугу менен жооп алсаныз болот. Ал үчүн биз көрсөткөн материалга кирип окуңуз. 


 

 

Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Талаптар катуу болот! Өзгөчө абал тууралуу эмнелерди билүү керек
13:26 24.03.2020

"Вируска кабылгандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, алты жаштагы жеткинчек, 14 жаштагы өспүрүм бар. Дагы бир наристеден вирус жуктурду деп шектелип жатат", - деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков. 

 

13:25 24.03.2020

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы оорулуулардын саны 42ге жетти. Бул туурасында Республикалык штабдын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков айтты.

 

12:44 24.03.2020
10:58 24.03.2020

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси каралары кабарланды. 

Флешмоб депутатов ЖК с призывом к единству для борьбы с вирусом COVID-19 в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
10:27 24.03.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. 

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

"2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышын пандемия катары жарыялады.

2020-жылдын 18-23-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 факты, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сегиз факт тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.

2. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Джоробеков Женишбек Мамаюнусович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.

3. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендатура түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;

10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;

11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;

12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;

17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:

— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;

— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;

— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

6. Комендант Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.

9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

10. Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.

11. Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

12. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет".

10:24 24.03.2020

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурдинов Малик Апсаматович Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды.

10:08 24.03.2020

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалат.

10:05 24.03.2020

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлөт. Коменданттыгына ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалат.

09:59 24.03.2020

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында комендатура түзүлөт.

09:59 24.03.2020

«Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
24.03.2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

«2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады.

2020-жылдын 18-23-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган

16 фактысы, анын ичинде Ош облусунда 4 факт тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин

9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, „Өзгөчө абал жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана

7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.
Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурдинов Малик Апсаматович Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.
Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында комендатура түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:
1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;

10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;

11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;

12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо ки

ргизилсин;

13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;

17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:

— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;

— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;

— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

Комендант Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка б�! �рдык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.
Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет».

09:56 24.03.2020

«Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
24.03.2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

«2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады.

2020-жылдын 18-мартынан 23-мартына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, „Өзгөчө абал жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.
Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.
Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:
1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;

10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;

11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;

12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

16) жеке иш-чараларды (үйлө

нүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;

17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:

— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;

— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;

— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

Комендант Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.
Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет»

09:54 24.03.2020

Өзгөчө абал 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизилет. 

09:50 24.03.2020

Соңку мааламаттар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16га (жети эркек, тогуз аял) жетти. Алар Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын тургундары.

09:48 24.03.2020

Өзгөчө абал деген эмне?
Бул жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо максатында республика боюнча же анын айрым аймактарына киргизиле турчу убактылуу чара болуп эсептелет. ӨА режими КР жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.

Өзгөчө абал кайсы учурда киргизилет?
Өзгөчө абал кризистик учурларда киргизилет. Мындан тышкары, өзгөчө чараларды көрүүгө муктаждык жаралган учурда жарыяланат. Алар:

Биологиялык мүнөздө: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия жаралса;
Социалдык мүнөздө: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатак, массалык башаламандыктар, барымтага алуулар, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объектилерди куралдуу басып алуу жана тосуу;
Табияттык-техногендик мүнөздө: табигый кырсыктар жана кыйроолор конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирген учурда.
Өзгөчө абалды ким киргизип, ким жоёт?
Президенттин жарлыгы менен киргизилип, ыкчам түрдө Жогорку Кеңешке кабар берилет. Парламент аны жактырып же тескерисинче артка кайтарып, айрым учурда жобону өзгөртүп, ӨК режимин алып сала алат.

Режим канча убакытка созулат?
Кыргызстандын аймагына киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү 30 күндөн, ал эми өлкөнүн бир бөлүгүнө киргизилген өзгөчө абал 60 күнгө чейин созулат. Бул мөөнөт бүткөндө өзгөчө абал режими токтотулат же Жогорку Кеңеш тарабынан ушундай эле мөөнөткө узартылат. Ошондой эле ЖК режимди белгиленген убакыт аяктай электе токтотуп коюуга укуктуу.

Өзгөчө абал убагында кимдер башкарат?
Ыкчам башкаруунун жана күчтөрдү координациялоонун жогорку органы болуп Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети саналат. Ошондой эле мындай иштерге жарандык коргонуу органдары, өз компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөктөшөт.

КРдин мамлекеттик бийлигинин жана башкаруунун жогорку органдары өзгөчө абал киргизилген жерлерде иштеген төмөнкү органдардын жана кызмат адамдарынын ар кандай чечимин жокко чыгарууга укуктуу.

Күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү кылып башкаруу үчүн өзгөчө абал киргизилген аймакка комендант дайындалат. Анын ыйгарым укуктары болот. Маселен, коменданттык саат киргизет, убакыт боюнча чектөө киргизип, чараларды көрөт. Андан сырткары, аймакка кирип-чыгуу тартибин аныктайт.

Мамлекеттик органдар кандай чара көрө алат?
Өзгөчө абалдын чаралары абдан көп, 25 пункттан турат. Алардын бир катарларын төмөндө келтиребиз:

жарандарды жашоого кооптуу болгон аймактардан убактылуу көчүрүп чыгуу, бирок алар жашап турганга башка жай берилет;
кишилердин каттамы, тагыраагы, кирип-чыгышы боюнча өзгөчө тартип орнотуу;
жарандардан курал-жарактарды, алардын ичинен атыла турган куралдарды, ок-дарыларды алып коюу. Ал эми ишкана, мекеме жана уюмдардан — машыгуу үчүн аскер техникасы, жарыла турган заттар, радиоактивдүү заттар, материалдар алынат. Мындан сырткары, күчтүү таасири бар химиялык жана уулуу заттар да алынат;
жыйындарды, митингдерди, көчөгө чыккан акцияларды, пикеттерди, андан сырткары, эл көп катышкан спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
курал, күчтүү таасири бар химиялык жана уулуу заттарды сатууга тыюу салуу. Андан сырткары, арак-шарапты жана курамында спирт бар каражаттарды сатууну чектөө;
карантин киргизип жана башка дагы санитардык аракеттерди, эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү;
радио-теле аппаратураларды, аудио-видеотехникаларды колдонууга тыюу салуу же чектөө, жалпыга маалымдоо каражаттарына көзөмөл кылууну киргизүү;
ордун башка менен толтуруп берүү менен мүлктү алып коюу;
жеке тараптар өткөргөн иш-чаларды жөндөп туруу (үйлөнүү үлпөттөр, той-аштар, куран окутуу, туулган күн жана башка салтанаттуу иш-чаралар);
эмгекке жарамдуу адамдар менен иштеп турган транспортторду ишканалар, мекеме жана уюмдар үчүн, жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу үчүн ишке салуу. Бул учурда эмгек боюнча мыйзамдар сакталышы керек;
Дагы кимди тартууга болот?

Өзгөчө абалды жоюу жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн коргонуу ведомстволордун аскердик бөлүмдөрүн, ИИМдин, ӨКМди колдонууга болот. Буга өлкөнүн аймагында жайгашкан башка аскердик бөлүктөр да кирет. Алар КРдин мыйзамы жана аскердик устав менен иш алып барат;

Өзгөчө абал жарыяланган учурда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү атайын жарандар эки айга жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн чакырылат. Алар ири авариялар, жаратылыш кырсыктары, эпидемиялар жана эпизоотиялар болушу мүмкүн.

Жазалоо иштери барбы?
Бар. Жогоруда жазылган коменданттык сааттын тартиптерин бузса, баш тартуу кезиксе, тартип бузууга алып келчү, чагымчылдык жаратчу айың, имиштерди жайылтса жазалоо каралган. Андан сырткары, милицияга, аскерлерге жана милдетин аткарып жаткан кызматкерлерге баш ийбегендер да жазага кириптер болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0