Эртеңден баштап Бишкекте коомдук транспорт каттабайт

Жазылуу
Коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруткалар убактылуу токтотулат.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкекте 22-марттан тарта коомдук транспорт убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

“Коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруткалар убактылуу токтотулат. Шаардыктарды бул нерсени түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз”, — деди мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова.

Коомдук транспорттун иши кайра качан жанданары айтылган жок.

Коронавирус Кыргызстанда

Жүргүнчү самолет Boeing 787-9 Dreamliner. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч күн ичинде чет өлкөдөгү кыргызстандыктар атайын учак менен алып келинет
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0